ИИМ: Баткенде курал менен баңгизатты мыйзамсыз сактаган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Баткен шаарында ок атуучу куралдарды жана баңгизатты мыйзамсыз сактап жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер минстрлигинин басма сөз кызматы 31-январда кабарлады.

Маалыматка ылайык, алгач милиция кызматкерлерине Баткендеги үйлөрдүн биринде жергиликтүү жашоочу баңгизатты мыйзамсыз сактап жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Күч органдары «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери мурда бир нече жолу соттолуп, УКТ мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган 55 жаштагы тургунду кармашкан.

«Шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда 12-калибрлүү ок атуучу курал, 9 бирдик патрон, 45 грамм марихуана табылды. Буга чейин, ал “Опуза талап кылуу”, “Ден соолукка атайылап оор зыйын келтирүү”, “Бейбаштык” жана башка беренелер боюнча он бир жолу соттолгон», — деп айтылат маалыматта.

Учурда кылмышка шектүүнүн башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгын тактоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Бишкекте үч кишиден 22 кг чукул баңгизат алынды

УКМК: Жашы жете элек балдарды баңгизат саттырган туруктуу каналга бөгөт коюлду