Кыргыз боксчулары Азия чемпионатында 8 медаль утушту

Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы 22 жашка чейинки спортчулар арасындагы Азия чемпионатында 8 медаль утуп алышты. Бул тууралуу маданият министрлигинин дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.

Кыргызстандык спортчулар төрт күмүш жана төрт коло медаль багындырышты.

Мирзохид Имамназаров (63,5 кг салмакка чейин), Султан Асанкул уулу (67 кг салмакка чейин), Нурадин Рустамбек уулу (71 кг салмакка чейин), Рустам Ырысбек уулу (92 кг салмакка чейин) — күмүш медаль тагынышты.

Анвар Ходжиев (48 кг салмакка чейин), Рыспек Бектенов (60 кг салмакка чейин), Өмүрбек Бекжигит уулу (80 кг салмакка чейин), Бакыт Токтосун уулу (86 кг салмакка чейин) — күмүш медаль алышкан.

Азия чемпионаты 20-30-январь күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында өттү. Ага 12 өлкөдөн 190 боксчу катышты.