Ала-Букада алтын өндүргөн ишканадан 2 кг алтынды тоноого шектелип үч киши кармалды

Ала-Бука районундагы алтын өндүрүүчү компанияны тоноого шектелип калмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 2021-жылдын 8-ноябрында саат 02:30да кен казуучу компанияга беткап жана колкапчан кишилердин тобу бастырып кирген. Кол салууга алар алдын ала даярдалган таяктарды жана ок атуучу куралдарды көтөрүп келишкен.

Шектүүлөр компаниянын кароолчуларын союл менен чаап, алардын бирине ок чыгарып, бутун курч зат менен жаралашкан. Алар компаниянын башка кызматкерлерине да кол салып, сабап, аркан менен байлап, телефондорун талкалап, 20 миң сом акчасын уурдап кетишкен.

«Алтын металы салынган бөлмөнүн айнегин бузуп кирип, wifi роутерин талкалашкан. Темир сейфтин ичинде сакталып турган салмагы 1 кг 833 грамм алтын металын ачык түрдө тартып алышкан. Ишкананын короосунда токтоп турган Mitsubishi Delica үлгүсүндөгү автоунаанын дөңгөлөктөрүн бычак менен жарып, фараларын талкалап, жанында токтоп турган Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү автоунаасын айдап, окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен», — деп билдиришти РИИБден.

Кылмыш ишине шектелип Ала-Бука районунун 30 жаштагы Ч.Б., 27 жаштагы Т.С. жана 26 жаштагы М.Ж. аттуу тургундары кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Каракчылык» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Буга чейин 2021-жылдын октябрь айында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын Ала-Бука районундагы кызматкерлерине алтын кендеринин ишчилерин уюшкан кылмыштуу топтордон коргоо боюнча тапшырма берген.

Ташиев «кайсы бир аймакта уюшкан кылмыштуулук күчөсө бул — чекисттердин жакшы иштебегенинен кабар берет» деген.

Ала-Бука районунда эң чоң делген «Иштамберди» алтын кени бар. Геология кызматынын маалыматы боюнча, аталган кенде 19 тонна алтын бар Бирок жергиликтүү тургундар бул маалыматка ишенбей, кенде 80 тоннага жакын алтын бар деп эсептешет.

Кенди Кытайлык Full Gold Mining компаниясы казат. Жергиликтүү тургундар үч жыл мурда кенден чыккан зыяндуу химиялык заттар алардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип жатканын айтып, «Иштамбердини» жабууну талап кылышкан.

Тема боюнча окуңуз:

Ала-Бука: Ташиев алтын кендердин кызматкерлерин УКТдан коргоону тапшырды