Көңүл буруңуздар! Тилекке каршы, программага каттоо жабылды. Бул пилоттук каттоо болгондуктан биз болгону 200 студентти кабыл алдык. Алдыда мындан да мыкты, кызыктуу жана көбүрөөк кабыл алуу башталат. Биздин соцтүйүндөгү барактарды байкап туруңуз. 

Англис тилин билүү өтө пайдалуу. Мисалы, англис тилин билгендерге айлыгы жакшы төлөнгөн жумуш табуу, кандай гана болбосун илимий эмгекти окуп чыгуу же бизнес-идеяны ишке ашырууга инвестор табуу жеңил.

«Клооп» англис тилин окутуу боюнча акысыз программа ачып жатат, анткени биз Кыргызстан өнүгүп, эли ийгиликтүү, жаратман, эркин жана бай болушун каалайбыз.

«Клооптун» онлайн-программасы кыргызча болот. Өлкөдө орус тилинде англис тил курстары ансыз да көп, ал эми кыргызча, айрыкча Бишкектин тышында, бул тилди үйрөнүү кыйла оор.

Биздин программага каалоочулардын баары катталса болот, жаш курагы боюнча чектөө жок. Болгону туруктуу интернет, ноутбук, компьютер же телефон керек.

Окутуу кандай өтөт?

Сабактын баары онлайн өтөт: эч жакка баруунун кажети жок, англис тилин өз шаарыңызда же айылыңызда окуй аласыз. Болгону биздин платформага катталып, өзүңүзгө ыңгайлуу убакты жана программанын интенсивдүүлүгүн тандап, ошондой эле англис тилин үйрөнүү максатын көрсөтүү керек.

Окутуу учурунда видео-сабактарды көрүп, үй тапшырмаларын аткарып, чат-топторунда жана күн алыскы практикалык сессияларда биздин мугалимдер менен баарлашасыз. Жалпысынан тесттерди кошуп 7 баскычтан өтүү керек.

Жумасына бир жолу биздин ийримде төмөкүлөр болот:

  • Практикалык сүйлөшүү сессиялары
  • Практикалык грамматикалык сессиялар

Курстун аягында экзамен тапшырасыз (IELTSтин аналогу, өзү эмес), эгерде курстан өтсөңүз сертификатка ээ болосуз — ал электрондук жана кагаз түрүндө да берилет.

Шилтеме боюнча каттоо бул жерде https://bit.ly/32PzHaa 

Биздин телеграмдагы тайпага кошулуңуз: https://bit.ly/3oiDogc

Эгерде кандайдыр бир көйгөй жаралса телеграмдагы төмөнкү номерге кат жазыңыз: 0220 15 55 76.

Учурда болгону 200 орун ачык, чамдаңыздар!