Баткен шаарында маршруттук каттамдын жол акысы 15 сомго жогорулады

Баткен шаардык кеңеши 1-февралдан тартып калаадагы маршруттук каттамдардагы жол кире акысын 15 сомго чейин көтөрдү. Ал эми мектеп окуучуларга жол акы 10 сомду түздү. Бул тууралуу «Клоопко» Баткен шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Диларрам Эгембердиева билдирди.

Эгембердиеванын айтымында, алгач маршруттук каттамдарды тейлеген «Баткен» ачык акционердик коому күйүүчү майдын жана унаа тетиктеринин кымбатташына байланыштуу жол кирени көтөрүүнү өтүнгөн.

«Мэрия маселенин бардык күңгөй-тескейин карап, текшерүүлөрдү, коомдук талкууну жүргүзүп бүткөн соң, шаардык кеңешке сунуш киргизген. Натыйжада Баткен шаардык кеңеши бул маселени эки окууда карап, айдоочулардын сунушун канааттандырып берди», — деди Эгембердиева.

Ошондой эле Эгембердиева «Базар-Башы — Баткен — Бужум» маршруттук каттамдын жол киреси 15 сомго көтөргөнүн билдирди. Аталган каттам боюнча жол акысын көтөрүү маселеси 2021-жылдын 19-ноябрында көтөрүлгөн, бирок шаардык кеңештин депутаттары бул чечимди колдогон эмес.

Мындан сырткары, «Баткен — Кызыл-Бел» каттамынын жол акысы 25 сомго, ал эми «Баткен — Кызыл-Жол Квартал» каттамы 15 сомго жогорулады.

Баткен шаарынын ичиндеги каттамдар гана эмес, район аймактарына чыккан коомдук транспорттордун да төлөмдөрү 10 сомдон 37 сомго чейин көтөрүлгөнү тууралуу «Баткен» ААКтын эксплуатация бөлүмүнүн башчысы Кенжебек Алишеров билдирген.

Буга чейин Бишкек, Ош шаарларында жана Кыргызстандын башка аймактарында маршруттук каттамдардын айдоочулары жол акысын жогорулатуу талаптары менен митингге чыгышкан. Ал эми Бишкектеги айдоочулар линияга чыгуудан баш тартып, иш таштоого чейин барышкан.

Натыйжада өлкөнүн бир катар шаарларында жол акылары жогорулаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош шаарында маршрутканын жол акысы күндүз 15, кечкисин 20 сом болду

Бишкек мэриясы жол кире акысын көтөрүүгө эмне себеп болгонун түшүндүрдү

Кара-Балтада айдоочулар жол акысын көбөйтүүнү талап кылып митингге чыгышты