Депутат Сеидбек Атамбаев басма сөз өкүлдөрүнүн суракка чакырылып жатканын сынга алды

Жогорку Кеңештин 2-февралдагы жыйынында депутат Сеидбек Атамбаев басма сөз өкүлдөрүнө байланышкан маселени көтөрдү. Парламентарий журналисттердин суракка чакырылып жатканын сынга алып, аларга макам берүүнү сунуштады.

Сеидбек Атамбаев

«Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн суракка чакыруу туура эмес деп эсептейм. Шайлоочулардан, карапайым элден да көп кайрылуулар түшүп жатат. Бул боюнча депутаттар эч нерсе деп сүйлөбөйт, жалтак болуп калышты деп айтып жатышат. Же макам же иммунитет бериш керек», — деди ал.

Бир күн мурун Биринчи май райондук прокуратурасы Kaktus.media басылмасына карата кылмыш ишин козгогон. Буга 27-январда кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу боюнча жарыяланган макала негиз болгон.

Прокуратуранын маалыматына ылайык, басылма «Согушту пропагандалоо, башкача айтканда бир өлкөнүн башка өлкөгө агрессиясын жаратуу же согуштук жаңжалды баштоо максатында көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды ар кандай формада жайылтуу» беренеси боюнча айыпталууда.

27-январда басылманын сайтына кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу тууралуу маалымат жарыяланган. Анда Kaktus.media Тажикстандын «Азия Плюс» басылмасына таянып, чек арадагы жаңжал тууралуу тажик тараптын версиясын жаңылык кылып берген.

Башкы прокуратура макалада «Кыргызстандын аскерлери биринчи болуп ок атып, Тажикстанды чагымчылдыкка түрткөн деген жалган маалымат камтылган» деп эсептейт.

Үстүбүздөгү жылдын 28-январда «Кактус Медиа» басылмасынын кеңсесинин алдында 20га чукул киши митингге чыгып, басылма кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды «бир тараптуу чагылдырды» деп айыптаган. Митингчилердин арасында иликтөөчү журналист Болот Темировду колдоо акциясында «чагымчылдык кылгандар» да болгон.

«Кактус Медианын» кечирим сураган кайрылуусу

Ошол эле күнү басылма тажик тараптын версиясын эмне үчүн жаңылык кылып бергенин түшүндүрүп берген. Ошондой катачылык кеткенин моюндап, окурмандарынан кечирим сураган. Төмөндө басылманын кайрылуусу өзгөртүүсүз берилди:

«Бул публикациянын жалгыз максаты – тажик тарап кандай маалыматтык саясат жүргүзүп жатканын, Тажикстандын бийлиги катардагы жарандарына кандай маалымат таратканын кыргыз коомчулугуна көрсөтүү болчу. Учурда маалыматтык согуш жүрүп жатканы анык. Ага каршылык көрсөтүү үчүн экинчи тарап кандай иш аракеттерди жасап жаткандыгын так билүүбүз керек. Жарыяланган материалда, маалымат булагына шилтеме берилген.

Башка басылмадан алынган (ПЕРЕПЕЧАТКА) маалымат боюнча оюбузду так жеткире албагандыгыбыз – биздин катачылык. Ошого байланыштуу бардык кыргызстандыктардан кечирим сурайбыз.

Бирок Тажикстандын ММКлары маалыматтык согушту уттуруп жибербөө максатында кандай маалыматты таратып жаткандыгын бардыгыбыз билүүбүз кажет деген пикирдебиз. Kaktus.media редакциясы ар дайым кыргыз элини кызыкчылыгын коргоп келген жана мындан ары да коргойт», — деп жазылат кайрылууда.