УКМК менен байланыш агенттигинин кызматкерлери коррупцияга айыпталды

Аскер прокуратурасы радиожыштык спектрин пайдаланууга берилген лицензиянын мөөнөтүн мыйзамсыз узартууга байланышкан коррупциялык иштин бетин ачты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

«Коррупция» беренеси менен УКМКнын жана Мамлекеттик байланыш агенттигини кызматкерлери кылмыш жоопкерчилигине тартылды.

«Мамлекеттик байланыш агенттигинин жана УКМКнын жооптуу кызмат адамдары “Скайнет Телеком” жеке компаниясынын башчылары менен кылмыштуу сүйлөшүүгө барышып, старттык баасы 6 млн сомдон кем эмес бааланган лицензияны 4 миң АКШ долларына мыйзамсыз узартып беришкендиги аныкталган», — деп айтылат ведомствонун маалыматында.

Иликтөөнүн натыйжасында «Скайнет Телеком» жеке менчик ишканасынын эки, Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин эки жана УКМКнын бир жооптуу кызматкерине «Коррупция» беренесинин негизинде айып тагылып, иш соттун кароосуна берилди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, «Скайнет Телеком» компаниясына берилген баштапкы баасы 6 миллион 212 миң 850 сомдук лицензия мамлекетке кайтарылды. Мындан тышкары, компаниядан мамлекеттин бюджетине 3 миллион сом өндүрүп алынды.

Радио жыштыктар иши

Бул радиожыштык тармагындагы биринчи эле коррупциялык чуу эмес.

2020-жылы 7 аткаминерге кылмыш иши козголгон. Алар радиожыштыктарды сатууда коррупциялык схемаларды пайдаланууга айыпталган.

Ошол учурда депутат Жанар Акаев Мухаммедкалый Абылгазиевдин бул ишке тиешеси бар болушу мүмкүн экенин айткан. Ал жыйында өкмөт башчы Абылгазиевден Мамлекеттик байланыш агенттигинде радио жыштыктыктарын пайдаланууга лицензиялардын мыйзамсыз сатылышына тиешеси жоктугун далилдөөнү талап кылган.

Абылгазиев чырдын шарты менен өргүү алып, андан соң отставкага кеткен. Бирок бул ишке Абылгазиев тиешесинин бар-жогу тууралуу расмий айтылган эмес.

Бирок 2021-жылы ал кармалып, эки айга камакта калтырылган. Аблыгазиев коррупция жана мыйзамсыз баюуга айыпталган.

Анда УКМК Абылгазиев мамлекеттик кызматта турганда, өзүнүн активдерин расмий кирешесинен алда канча чоң кылып, мыйзамсыз көбөйтүп алган деп билдирген. Бул байлыктарын бир жакка жумшаш үчүн, экс-премьер көп кабаттуу үйлөрдү куруу тармагына каржы салып, кылмыш жообуна тартылбаш үчүн бул активдерди башка адамдарга жаздырып койгон.