Бийликти басып алуу иши: Курсан Асанов үй камагына чыкты

Бишкек шаардык соту 3-февралда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду үй камагына чыгарды. Маалыматты «Клооптун» журналисттине жактоочусу Чынара Жакупбекова тастыктады.

Соттун басма сөз кызматынан Асанов 2022-жылдын 14-мартына чейин үй камагында болорун билдиришти.

Сүрөт: Чынара Жакупбекованын Фейсбук барагы

Асановду милиция кызматкерлери 2021-жылы сентябрында «бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүүгө шектеп кармашкан. Ал кармалганга чейин социалдык тармактарда болжолу Курсан Асановдун «Толубай» коммерциялык банкынын коммерциялык директору Алмаз Сарыбаевдин үнүнө окшош делген адам менен сүйлөшүүсү тараган.

Видеонун алдына Асанов, депутат Жанар Акаев жана башка саясатчылар бийликти курал менен басып алууну сүйлөшүп жатышат деп жазылган.

ИИМ аталган жазуудагы үн Асановдуку экенин далилдеш үчүн видеону экспертизадан өткөргөн эмес. Бул саясатчынын жактоочулары экспертиза жүргүзгөндөн кийин белгилүү болгон, экспертиза видеодогу үн сасатчыга таандык эместигин далилдеген.

Буга жооп кылып ИИМ аталган жыйынтыктар «адистин корутундусу» болуп эсептелинерин жана ал «кылмыш иши боюнча далил катары таанылышы мүмкүн эмес» деп билдирген. Асанов бошотулганга чейин №50 тергөө изоляторунда кармалып жатты.