Ноокат шаарына дээрлик төрт айдан кийин жаңы мэр дайындалды

Улан Турганбаев. Сүрөт: «Турмуш»

Ош облусундагы Ноокат шаарынын мэри болуп Улан Турганбаев дайындалды — бул кызматка дээрлик төрт ай эч ким дайындалбай турган.

Ноокат районунун акиминин орун басары Мамажунус Абилов 3-февралда «Клоопко» билдиргендей, тиешелүү буйрукка Ноокат районунун акими Данир Иманалиев кол койгон.

Улан Турганбаев 50 жашта — ал Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулган. Ноокаттын жаңы мэри 1989-1994-жылдары Константин Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде «Агроном» адистиги боюнча билим алган.

Турганбаев бул кызматка дайындалганга чейин Тоң районуна караштуу Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген.

Ал Жалал-Абад облусунун экс-прокурору Айбек Турганбаевдин бир тууган агасы.

Ноокат шаарынын буга чейинки мэри Жоомарт Нурдинов 2021-жылдын 13-октябрында ээлеген кыматынан бошотулган. Учурда ал «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен шектелип, учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына кармалууда.