Журналисттерди коргоо комитети бийликти «Кактуска» каршы кылмыш ишин токтотууга чакырды

Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) Кыргызстандын бийлигин «Kaktus Media басылмасына карата козголгон кылмыш ишин иликтөөнү токтотуп, бардык ЖМКлардын эркин иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берүүгө» чакырды. Кайрылуу уюмдун сайтына жарыяланды.

CPJ программасынын Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Гульноза Саид чет элдик ЖМКлардын жазып жаткан маалыматтарын чагылдыруу кылмыш эмес деп эсептейт.

«Кыргызстандын бийлиги “согушту пропагандалоого” байланыштуу укук бузуулар боюнча Kaktus Media басылмасына карата иликтөө жүргүзүп жатканы — абсурд. Бул басылманы ачык эле коркутуу аракети», — деди Гульноза Саид.

Kaktus Media басылмасынын негиздөөчүсү Дина Маслова CPJ уюмуна буга чейин Кыргызстанда «согушту пропагандалоо» боюнча кылмыш иши козголбогонун, андыктан иш кандайча өнүгөөрүн билбесин айткан.

CPJ уюму буга байланыштуу Башкы прокуратурага комментарий сурап кайрылган, бирок азырынча жооп ала элек.

Kaktus.media’нын сайтындагы макала

27-январда Баткен облусундагы чек ара жаңжалынын шартында Kaktus.media’нын сайтында тажик басылмасына таянып жазылган маалымат чыккан. Башкы прокуратура макалада «Кыргызстандын аскерлери биринчи болуп ок атып, Тажикстанды чагымчылдыкка түрткөн деген жалган маалымат камтылган» деп эсептеген.

Бул факт боюнча көзөмөл органы «Согушту пропагандалоо» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Басылманын негиздөөчүсү Дина Маслованын айтымында, 31-январда бул иш боюнча бир нече редактор сурак берип, алардан сурактын чоо-жайын ачыкка чыгарбоо тууралуу тил кат алынган.

Басылманын өзү макалага байланыштуу түшүндүрмө жарыялаган. Анда маалымат тажик басылмасына таянуу менен жазылганы, ал эми макаланын максаты тажик тарап кандай маалыматтык саясат жүргүзүп жатканын, Тажикстандын бийлиги катардагы жарандарына кандай маалымат таратканын кыргыз коомчулугуна көрсөтүү болчу деп айтылган.

28-январда «Кактус Медианын» алдында митинг өтүп, ага басылма кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды «бир тараптуу чагылдырды» деп нааразы болгондор катышкан.

3-февралда басылманын журналисттери Башкы прокуратурага кайрадан суракка чакыртылды.