Бийликти басып алуу иши: Шектүүлөр Калекеев жана Купешов эч жака кетпөө тил каты менен бошотулду

Биринчи май райондук соту 2021-жылдагы парламенттик шайлоонун астында бийликти басып алууга шектелген Нурбек Калекеев менен Бекназар Купешовду эч жакка кетпөө тил катынын негизинде бошотту.

Бул тууралуу маалыматты «Клооптун» журналистине соттун басма сөз кызматы ырастады. Алардын билдиришинче, сот Калекеев менен Купешовдун баш коргоо чарасын 2-февралда тергөө аяктаганга чейин өзгөрткөн.

Бийликти басып алуу аракети

УКМК жана ИИМдин кызматкерлери бийликти күч менен басып алууну пландаган деген шек менен 26-ноябрда 15тен ашык адамды кармаган. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, шектүүлөр парламенттик шайлоодон кийин бийликти күч менен басып алуу үчүн миңден ашык адамды чогултуп жаткан деп билдирген.

Атайын кызмат кармалгандардын кылмыштуу ишмердигинин «айныгыс далилдерин» табылганын кабарлаган. УКМКнын басма сөз кызматы бул кылмыштуу топту депутаттар жана экс-чиновниктер жетектеген деп дагы кошумчалаган.

Укук коргоо органдары кармалгандардан курал жана баңгизат табышканын айтышкан.

Сүрөт: УКМК

Кийинчерээк алардын арасында «Эл Ынтымагы» кыймылынын мүчөлөрү: Аскат Темиралиев, Нурсултан Большевиков, К. Сатар уулу, Азамат Мусакеев, Нурбек Калекеев жана Н.Сатынбековдор бар экени белгилүү болгон.

Мындан сырткары «Кыргызстан Жашылдар» партиясынын үч талапкери кармалган, алар Нурис Сүйөркулов, Руслан Акматбеков жана Бекназар Купешев.

Аталган иш боюнча парламент депутаты Бакыт Жетигенов да кармалган. Сот аны 22-декабрда бошоткон.

Бийликти басып алууга айыпталгандардын туугандары кылмыштын курамы жок болгондуктан кылмыш ишин токтотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылышкан.

Кармалгандардын адвокаты укук коргоо орган кызматкерлери аларга баңгизат салып койгонун, бул үчүн күч кызматкерлери жоопкерчиликке тартылышы керектигин айткан.