Легендарлуу парламенттин депутаты Чоробек Байгазаков көз жумду

Чоробек Байгазаков. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

4-февралда «Легендарлуу парламенттин» депутаты Чоробек Байгазаков дүйнө салды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

«Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз», — деп берилет билдирүүдө.

Байгазаков 76 жашта болчу, ал Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Баш-Кайыңды айылында туулган. Ал 1964-жылы Финансы-экономикалык техникумун, 1969-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.

Маркум эмгек жолун 1964-жылы Ат-Башыдагы Киров атындагы колхоздо бухгалтер катары баштаган. Ал эми 1969-жылы Байгазаков Ат-Башы райондук айыл чарба башкармалыгында текшерүү тобун жетектеп, 1971-1974-жылдары Нарын облустук айыл чарба башкармалыгында текшерүү бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеген.

Ошондой эле Байгазаков 1981-жылга чейин «СССРдин 50 жылдыгы» атындагы совхоздо башкы экономист болуп эмгектенген. Ал эми 1983-1992-жылдары эл өкүлү «Живпром» мамлекеттик мал чарба комплексинде жана Баш-Кайыңды совхозунда жетекчилик кызматтарды аркалаган.

Ошол эле учурда Байгазаков бир канча жолу айылдык жана райондук кеңештердин депутаты болуп, 1990-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Мындан сырткары, Байгазаков 1992-1995-жылдары Ат-Башы районунун акими, 1995-2000-жылдары Ат-Башы токой чарбасынын директору жана райондук кеңештин төрагасынын орун басары, жооптуу катчысы болгон.

Байгазаков Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы жана «Муниципиалдык кызматтын мыктысы» төш белгисин алган.

«Легендарлуу парламент» 1990-1995-жылдары Кыргызстандын эгемен доордогу биринчи парламенти болгон. Анын курамында 350 депутат болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Легендарлуу парламенттин депутаты Шергазы Мамбетов дүйнө салды