«Президент кет десе, кетип калам». Жумабеков 5-февралда дарыгерлер митингге чыгарын билдирди

Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун кызматкерлери. Сүрөт: Алмир Алмамбетов / kloop.kg

4-февралда саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жаңы дайындалган жетекчи тууралуу буйрук менен тааныштыруу үчүн барды. Бирок Сабырбек Жумабеков баш болгон борбордун кызматкерлери жана бейтаптар аларды имаратка киргизишкен жок.

Эмне болуп жатат?

Бүгүн эртең менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев басма сөз жыйын өткөрүп, Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков кызматынан бошотулганын билдирген.

«Бүгүн мен Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө деп аталган борборго чекит коём. Мындай борбор жок», — деди министр.

Алымкадыр Бейшеналиев.

Бейшеналиевдин пикиринде борбор 2015-жылы жоюлуп кеткен, ал эми Жумабеков «7 жыл бою каалаганын кылып жүргөнүн» айтат.

«[Сабырбек Жумабеков] ушул жети жыл үчүн сотто жооп берет. Мен ага “жакшы адвокат издей бер” деп айттым», — деди ал.

Ошондой эле, Бейшеналиев борбордун базасында Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасын ачуу тууралуу буйрукка кол койгонун айткан. Ал эми оорукананын башчылыгына Гүлия Кожакматованын дайындалышы тууралуу буйрукту окуган.

Сабырбек Жумабеков эмне дейт?

Сабырбек Жумабеков. 

Хирург Сабырбек Жумабеков Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнүн келишин «рейдерлик басып алуу» деп сыпаттады. Ал президент Садыр Жапаровдун анын кызматтан алынышы боюнча көз карашын күтүп жатканын айтты.

«Министрдин орун басарларын өтө сыйлайм, улуу адамдарсыңар, биздин жетекчибиз болуп эсептелесиңер. Кечирип койгула, биз силерди киргизе албайбыз. Президент айтсын, кет десе кетип калам. [...] Президентти жаман абалга кептеп атасыңар. Урматтуу элим, мен кийинкисине жооп бере албайм. [...] Кыргызстанда майыптыгы бар адамдар чыгабыз деп атат. Мыйзам талаасында болобу деп айтып атам. Силердики мыйзамсыз. Силердики рейдерлик басып алуу», — деди ал.

Жумабеков Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору шаардык мэрия, шаардык кеңеш жана Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2004-жылы негизделгенин белгиледи. Ал Юстиция министрлиги бекиткен уставга ылайык, жетекчини мэр дайындай турганын билдирди.

«Азыр министр өзүм билемдик менен мыйзамсыз, бизди өзүнүн короосундагы малга окшотуп басынтып, өзүнүн чечими менен килейген борборду реорганизация кылып, жаңы башкы дарыгерди алып келип отургузайын деп атат. Эски болсо дагы биздин жобо өзгөрө элек али. [...] Юстиция министрлиги бекиткен уставга ылайык, мени мэр ишке дайындайт. Биз азырынча уставды өзгөртө элекпиз. Мэрия, шаардык кеңеш бар. Ошолорду алып келгиле», — деди ал.

Сабырбек Жумабеков бүгүнкүгө 38 операция бар экенин айтып, ишин таштап коюп министр менен кезиге албасын кошумчалады.

«Министр чалып алып, чакырып атат. Мен “38 операция [бар]. Эч ким бара албайт сага” деп айттым. Айрым бейтаптарга наркоз берилип калган, баарын таштап коюп кетейинби? Силер аны түшүнбөйсүңөр, контордо отуруп алып, андай ишти кылбагыла», — деди хирург.

Жумабеков 5-февралда Саламаттык сактоо министрлигинин алдында түшкү саат 13:00дө Алымкадыр Бейшеналиевдин отсавкасын талап кылган митинг өтөрүп айтып, коомчулукту жана дарыгерлерди митингге катышууга чакырды.

«Эртен митинг болот. Бир эле максат — министр кетиши керек. Министрди кетсин деп талап коёбуз. чыгып кетсин, берсин жаштарга. [...] Буга чейин министрдин кетишин айткан эмеспиз. Бүгүндөн баштап, бизде айла жок калды, министр кетсин дейбиз. Жалпы коомчулукка дагы кайрылгым келет, бизди сактап калыңыздар [...] Ушундай министрим бар экенинен өтө уялам. Тил билген, жаңыча ойлонгон жаш балдардан келиши керек», — деди ал.

Тема боюнча дагы окуңуз:

«Абадан оорукана жасаган». Реформанын айынан Бейшеналиев менен Жумабеков чырдаша кетти

Министр Бейшеналиев Сабырбек Жумабековду кызматынан бошотту