Санкт-Петербург: Сот наристенин өлүмүнө шектелген кыргыз жаранын камакка алуудан баш тартты

Сүрөт: «Вести.ру» басылмасы

Орусиянын Всеволожск шаардык соту Санкт-Петербургда эки жашар кыздын өлүмүнө шектелип кармалган кыргызстандык аялды камакка алуудан баш тартты. Буга далилдердин жетиштүү болбогону жана кыздын өлүмүнүн так себеби аныктала электиги себеп болду.

Соттун басма сөз кызматы бул чечим күчүнө кир элек экенин эске салып, экинчи тарап мыйзамда каралган тартипте даттанса болорун кошумчалады.

30-январда Санкт-Петербург шаарында эки жаштагы наристенин өлүмүнө шектелип аны багып жүргөн 35 жаштагы кыргыз жараны кармалган. Ага кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тараткан маалыматка ылайык, наристе шектүүнүн батиринде каза болгон.

«Укук коргоо органдарынан алынган маалыматка караганда, “И.Н.М” бала багууда жашоонун коопсуздук талаптарына жооп бербеген шартта кызмат көрсөткөн, анын натыйжасында бала шектүүнүн батиринде каза болгон. [...] Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп жазылган билдирүүдө.

Ал эми орусиялык айрым басылмалар кармалган кыргызстандык «үйүндө мыйзамсыз бала бакча уюштурганын, ал эми наристенин өлүмү тууралуу апасына дароо кабар бербей, эки күн жашырып жүрүп алганын» жазышкан болчу.

Орусия ИИМинин маалыматына караганда, 2020-жылдын январь айынан июнга чейин өлкөдөгү миграциялык каттоодо болжол менен 380 миң Кыргызстандын жараны болгон. Аны менен катар Орусияда туруктуу иштеген кыргызстандыктардын саны 700 миңге чукул. Мигранттардын балдары менен ата-энелерин эске алганда алардын жалпы саны миллиондон ашат.

Редактору: Айбике Адилет кызы

ТЕМА БОЮНЧА:

Орусияда эки жаштагы наристенин өлүмүнө шектелип кыргыз жараны кармалды