«Бүтүн Кыргызстандын» мүчөсү кармалды. Анын тарапташтары УКМКнын алдында топтолушту

Депутат Адахан Мадумаров жетектеген «Бүтүн Кыргызстан» оппозициялык партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовду үйүнөн 8-февралда УКМКнын кызматкерлери кармап кетишкени кабарланды. Бул тууралуу Фейсбукта анын партиялаштары билдиришти.

Ураимов коомчулукта «Кемпир-Абад» суу сактагычынын плотинасынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан активист катары белгилүү. Учурда анын тарапташтары УКМКнын имаратынын алдына чогулушту.

Алгач социалдык тармактарда Ураимовду белгисиз кишилер кармап кеткени тууралуу маалымат тараган. Көп өтпөй «Бүтүн Кыргызстандын» мүчөлөрү ал УКМКнын борбордук аппараты жайгашкан имаратка жеткирилгенин билдиришти.

Ал арада Фейсбуктун колдонуучусу Нурбек Кубанычбеков Ураимовдун үйүндө тинтүү жүргүзүлгөнүн кабарлады. Ал активисттин үйүнөн түз эфирге чыгып, жубайынан качан кармап кетишкенин жана тинтүү кандай жүргөнүн сурады.

«Кечки саат 19:00 чамасында жолдошум унаасы менен үйгө келген. Машинасын токтото электе ошол жерден алып кетишти. Үйгө кирген деле жок. Чалып баары жакшы деп айтып койду. Ошол боюнча жолдошумду көрө элекмин. Андан кийин үйгө 5 бала келишти. Төртөө кирип, экөө тинтүү жүргүздү, бирөө протокол түздү. Менин телефонумду, кызымдын телефонун алып кетишти. Башка техника жок болчу. Процессорду алып кетишти, анан колго жазылган кагаздар бар экен ошону алып кетишти», — деп түшүндүрдү Ураимовдун жубайы.

Ошондой эле ал тинтүү тууралуу протоколдо «Орозайым Нарматованын иши боюнча» деп жазылганын белгиледи. Бирок активисттин жубайы Нарматованын дипломуна алардын кандай тиешеси бар экенин түшүнбөй жатканын айтты. Анын пикиринде, мындай аракеттер менен бийликтегилер «жаш балдарды сындырып жатышат».

Ал эми тасманын автору Ураимовго буга чейин чакыруу кагазы келбегенин айтып, анын мындай жол менен кармалышын «мыйзамсыз» деп атады.

«Мирлан Ураимов эч качан мамлекеттик кызматта ишеген эмес, коррупционер эмес. Болгону Кемпир-Абад суу сактагычын алып калууга салым кошкон агаларыбыздын бири болчу. Менимче ошол үчүн алып кетишти окшойт», — деген Кубанычбеков.

Ал эми түз эфирден Ураимовдун апасы көзүнө жаш алып, «Балам эч качан коррупцияга аралашкан эмес. Эл деп жүргөн бала болчу» дегенин көрүүгө болот.

Мирлан Ураимовдун кармалышы боюнча «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова да Фейсбукта пост жарыялады. Ал сөзүн «Ураимовго мындан бир нече күн мурда УКМКнын балдары эскертүү беримиш болуп, коркутууга аракет кылганын мага айтты эле» деп баштады.

Нарматова партиялашын «көзгө басар, эң активдүү мүчөсү» деп сыпаттап, «биз, акыйкат үчүн күрөшкөн жарандар акыйкат үчүн сынбайбыз» деди.

«Мирлан мырза шайлоочулардын укугу, миграция көйгөйү, Баткен маселеси, Кемпир-Абад жана толгон-токой оор учурларда башын байлап коюп, жеке амбиция, ар кандай кызыкчылыктан баш тартып, чырылдап чуркап жүргөн кыргыздын ак жүрөк мырзасы!» — деди Нарматова.

Материал жазылып жатканда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан Мирлан Ураимовдун кармалышы боюнча маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Орозайым Нарматованы мандатынан ажыраткан «диплом иши»

Орозайым Нарматова

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова 2021-жылдын ноябрында өткөн парламенттик шайлоого катышып, мандатка болгон.

Ал эми 2022-жылдын 14-январында Орозайым Нарматова УКМКга суракка чакырылган. Эртеси күнү анын атасы да сурак берип чыккан. Атайын кызмат «Бүтүн Кыргызстандын» депутаты Жалал-Абад мамлекеттик университетине (ЖАМУга) «мыйзамсыз кабыл алынганы фактысы» боюнча кылмыш ишин козгогону белгилүү болгон.

УКМК Нарматованын 2013-жылы орто кесиптик билими жөнүндө дипломунун негизинде дароо 3-курска «мыйзамсыз кабыл алынганы тууралуу» маалыматты парламенттик шайлоо учурунда алганын билдирген.

Борбордук шайлоо комиссиясы 20-январда жыйынын өткөрүп, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Орозайым Нарматованын талапкер катары каттоосун жана мандатын жокко чыгарган.

Отурумда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Орозайым Нарматова «орто кесиптик билими боюнча аттестатын көрсөтө алган жок» деп билдирген.

Жыйынга Нарматованын өкүлү катары Мирлан Ураимов катышкан. Ал партиялашты орто кесиптик билимди Орусияда окуп алганын белгилеп, ал жактан аттестаттын көчүрмөсүн алдырууга аракет кылып жатышканын айткан. Бирок анын сөздөрүнө БШКнын мүчөлөрү ананышкан эмес.

Мирлан Ураимов жана «Кемпир-Абад» суу сактагычы

Мирлан Ураимов

2021-жылдын март айында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жетектеген өкмөттүк делегация кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча Өзбекстандын Ташкент шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анда Ош облусунун Өзгөн районундагы «Кемпир-Абад» суу сактагычынын плотинасын жана анын айланасындагы 50 гектар жерди Өзбекстанга өткөрүп берүү макулдашылганы белгилүү болгон.

Ташиев суу сактагыч маселеси боюнча «мындан кийин маселе жаралбайт» деп ишендирген. Ошондой эле ал сууну жергиликтүү калк пайдалана алат деп айткан.

Анткен менен өткөн жылдын апрель айында Кара-Суунун Ынтымак айылынын, кийинчерээк Өзгөндүн Куршаб айылынын тургундары буга нааразы болушуп, Камчыбек Ташиев менен жолугушууну талап кылышкан. Нааразычылык билдиргендердин арасында активист Мирлан Ураимов да болгон.

Көп өтпөй Камчыбек Ташиев Куршабдын тургундары менен жолугушуп, «Кемпир-Абад» суу сактагычын «бербейбиз» деп сөз берген. Жолугушууда Ураимов «Регион ТВнын» мурдагы журналисти Акниет Кеңешов менен чырдаша кеткен — аталган канал Ташиевге караштуу болуп эсептелет.

Ураимов «Ташиевге караштуу телеканалдар элге калп маалымат жеткизип жатат» деп, аларды «дежур каналдар» деп атаган. Ал эми журналист Акниет Кеңешов Ташиевге караштуу «Регион ТВ» жана «7 канал» «эч кандай дежур каналдар эмес» деп жооп кайтарган.

Бирок жергиликтүүлөр Кеңешов сүйлөп атканда колунан микрофонду тартып алып, ага андан башка сөз беришкен эмес. Журналист сахнадан кете баштаганда ондогон тургундар капыстан чуркап келип, «сени эч ким чакырган жок» деген сөздөрдү айтып, стадиондон кууп чыгарышкан. Жаңжал чыкканда милиция кызматкерлери журналистти курчап, кырдаалды турукташтырууга аракет кылышты. Натыйжада Кеңешов стадиондон чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Алгач Ош облустук милициясынан «эки тараптын бири-бирине доосу жок болгондуктан алар коё берилгенин» билдиришкен. Бирок анын эртеси күнү Өзгөн РИИБси «Ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштап, 30 киши суракка алынаары айтылган.

Ошондой эле, Ош ОИИБден «Регион», КТРК, ЭлТР, жана ОшТВны «дежур канал» деп атаган Мирлан Ураимов «сөзү үчүн жооп бериши керек» деп билдиришкен. Бул иш эмне менен аяктаганы боюнча коомчулукка маалымат берилген эмес.