Чүй облусундагы жол кырсыктан бир адам каза болду

7-февралда Ысык-Ата районуна караштуу Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 29-чакырымында Toyota Prius менен DAF үлгүсүндөгү унаалар кагышып, бир адам каза болду.

Өзгөчө кырдаалдар министринин маалыматына ылайык, каза болгон 22 жаштагы киши Toyota Prius унаанын айдоочусу болгон. Ал эми авариянын кесепетинен дагы эки адам жабыркап, Ысык-Ата райондук ооруканага жеткирилди.

Кырсык болгон жерге Ысык-Ата райондук №27 ӨКБдан төрт куткаруучу тартылып, каза болгон жарандын сөөгүн унаадан чыгарып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Буга чейин, 17-январда Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жол кырсыгынан бир адам каза болуп, ал эми 22 жаштагы жигит жаракат алган.

ӨКМдин маалыматына ылайык, кырсык Пограничная жана Биринчи май көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Анда «Жигулинин» айдоочусу рулду башкара албай калып жолдун четинде токтоп турган сүт ташыган унааны сүзгөн.