Сот Азиз Суракматовго карата козголгон мыйзамсыз баюу ишин кыскартты

Бишкектин Биринчи май райондук соту борбор калаанын экс-мэри Азиз Суракматовго карата козголгон мыйзамсыз боюу боюнча кылмыш ишин кыскартты. Бул тууралуу маалыматты «Клоопко» соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, Суракматовдун иши 25-январда кылмыш иштин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу адвокатынын өтүнүчүнөн кийин кыскартылган.

Ошондой эле, Суракматов күнөөнү мойнуна алып, дооматтарга каршы чыкпаганы айтылды. Соттон экс-мэр мамлекетке 170 млн сом өлчөмүндө зыянды кайтарып бергенин кошумчалашты. Бул акча УКМКнын депозиттик эсебинде турат.

Азиз Суракматов 2018-2020-жылдары Бишкектин мэри болгон. Экс-мэрдин карындашы Гүлбара Суракматова жетектеген бир нече курулуш компанияларына байланышы бар болгон. Мэрдик кызматка келер алдында Суракматов кызыкчылыктар кагылышына жол бербөөнүн жолун ойлонуп көрөрүн айткан.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Суракматовду 2021-жылы майда коррупция жана мыйзамсыз боюуга шектеп тергөө изоляторуна киргизген.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Суракматов калаа башчысы болуп турганда муниципалитеттин кызмат адамдары менен курулуш компаниялардын өкүлдөрү менен бирге коррупциялык схема түзгөн. Схема муниципалдык жерлерди коммерциялык имараттар менен көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн сатып алууга байланыштуу болгон.

2021-жылы июлда УКМК Суракматов тергөө менен кызматташуу келишимине макул болуп, эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулганын кабарлаган. Ал зыяндын ордун тургузуу максатында мамлекетке 170 млн сом төгүп берүүгө макул болгон.