Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматов эч жака кетпөө шарты менен бошотулду

Азиз Суракматов

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов тергөө менен кызматташууга барып, мамлекеттик бюджетке 150 млн сом төктү. Мындан улам Биринчи май райондук соту аны эч жака кетпөө тилкаты менен бошотту. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 16-июлда кабарлады.

Суракматов «Коррупция» жана «Мыйзамсыз баюуга» шектелүүдө. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Суракматов мэр болуп турганда ири курулуш компанияларга муниципалдык жерлерди берүү боюнча коррупциялык схеманы түзгөн.

УКМК экс-мэр мамлекетке 170 млн сом зыян келтиргенин билдирди — Суракматов калган 20 млн сомду «түзүлгөн графикке ылайык төлөйт» деп айтылат маалыматта. Ошондой эле УКМКдан Суракматов жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүү фактылары боюнча көрсөтмө бергенин кошумчалашты.

Буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 8-июлдагы басма сөз жыйынында Суракматов бюджетке 125 млн сом төккөнүн, дагы 25 млн сом төлөгөңдөн кийин бошотула турганын билдирген.

Тергөө учурунда Суракматовдун жакындарынан Бишкек шаарында 15 компания, Ысык-Көл облусунда эки коттедж жана бир эс алуучу жай катталганы аныкталган.

Азиз Суракматов 2018-жылдын август айында Бишкектин мэриясынын жетектеп баштаган. Ал эми 2020-жылдын октябрдагы төңкөрүштөн кийин ал өз калоосу менен кызматтан кеткен.

Суракматов жетектеген Элдик-Демократиялык партиясы (КЭДП) 11-апрелде өткөн Бишкек шаардык кеңешке катышып, алдын ала эсептөөлөр боюнча 10 пайыз добуштарга ээ болгон. Партия шаардык кеңештеги 8 мандатка ээ болушу керек болчу.

Анткен менен Борбордук шайлоо комиссиясы 19-апрелде КЭДПны шайлоодон четтетип салган. Буга партиянын өкүлдөрү шайлоо күнү добуштарды сатып алууга шектелип жатканы себеп болду.

Кийинчерээк Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы «Эмгек» жана «Ак-Бата» партияларын да четтетип, шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тааныган. Боршайком бул чечимди колдоду. Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоо 11-июлда өтөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Суракматовго байланышы бар делген компаниялардын башында кимдер турат?