УКМК: Жазаларды аткаруу кызматынын улук кызматкери пара опузалоого шектелип кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз борборунан Жаза аткаруу кызматынын улук кызматкери, аскер бөлүгүнүн капитаны пара алып жатканда кармалганын маалымдашты.

Маалыматка ылайык, О.И.К кызмат абалынан пайдаланып, № 47 колонияда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кишиден акча талап кылган.

Атайын кызмат шектүү 2021-жылдын апрелинен 2022-жылдын 28-январына чейин соттолгонду башка түзөтүү мекемесине өткөрүп салам деп коркутуп акча алып жүргөнүн аныктаган.

Бул факты «Опузалап пара алуу» беренеси менен катталып, шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин, 8-февралда УКМК «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасында коррупциялык схема түзүлгөнүн аныктаган.

Мекеменин башкы бухгалтери жана бухгалтери эмгек акыны белгиленген нормадан ашыкча көрсөтүп, мыйзамсыз чегерип алуу максатында документтерди көптөн бери жасалмалап келгени белгилүү болгон. Анын кесепетинен мамлекеттик бюджетке 800 миң сом зыян келтирилген.

Башкы бухгалтер жасаган кылмышын мойнуна алып, келтирилген зыяндын ордун толугу менен толтуруп берген. Атайын кызмат бул иш боюнча тергөө иши аяктаганда ишти сотко өткөрүп беришерин айткан.

Тема боюнча:

УКМК: Бишкек мэриясында акча каражатын уурдоо боюнча схема түзүлгөнү аныкталды

Бишкек мэриясынын кызматкери 45 миң доллар опузалоого шектелип кармалды