УКМК: Бишкек мэриясында акча каражатын уурдоо боюнча схема түзүлгөнү аныкталды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 8-февралда Бишкек шаардык мэриясында коррупциялык схема түзүлгөнү аныкталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишкананын башкы бухгалтери жана бухгалтери эмгек акыны белгиленген нормадан ашыкча көрсөтүп, мыйзамсыз чегерип алуу максатында документтерди көптөн бери жасалмалап келген. Анын кесепетинен мамлекеттик бюджетке 800 миң сом зыян келтирилген.

Бул факты «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Башкы бухгалтер жасаган кылмышын мойнуна алып, келтирилген зыяндын ордун толугу менен толтуруп берген.

Атайын кызмат бул иш боюнча тергөө иши аяктап жатканын кошумчалады. Андан соң ишти сотко өткөрүп беришет.

Өткөн жылдын декабрь айында УКМК Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басарын пара опузалоого шектеп кармаган.

Шектүү транспорт жана коммуникациялар министринин орун басарынын милдетин аткарып турган кезде 45 миң АКШ долларын опузалап алганы белгилүү болгон. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тема боюнча:

Бишкек мэриясынын кызматкери 45 миң доллар опузалоого шектелип кармалды

УКМК менен байланыш агенттигинин кызматкерлери коррупцияга айыпталды