«Укуктук башаламандыкка алып келет». Депутат Ураимовдун кармалышы тууралуу

Гуля Кожокулова

Экс-прокурор, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан депутаты Гуля Кожокулова парламенттин 10-январдагы отурумунда партиялашы Мирлан Ураимовдун кармалышын «ачык эле адам укугун тебелөө» жана «мыйзамды көзгө илбөө» деп атады.

«Мындай абалга өзүнүн блогун алып барган же соцтүйүндөрдө катталган ар бир жаран кабылышы мүмкүн», — деди ал.

Кожокулова блогерлердин кармалышын «туура эмес практика» деп атады.

«Укук коргоо органдары [аларды], кооптуу кылмышкер же уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары кармап жатат… Эгер биз блогерлерге ушундай мамиле кыла турган болсок — бул укуктук башаламандыкка алып келет», — деди депутат.

Мирлан Ураимовдун кармалышы

Мирлан Ураимовду үйүнөн 8-февраль кечинде социалдык тармактагы коментарийинде бийликти басып алууга чакырык жасады деп УКМКнын кызматкерлери кармап кетишкен. Ураимов өзү мындай комментарий калтырбаганын айтууда. Анын жактоочусу Юлия Богданова Ураимовдун аккаунту көптөн бери хаккердик чабуулга кабылып, колдонулбай калганын жана азыр аккаунтта Ураимовдун аты дагы жок экенин билдирген.

Ошондой эле, анын айтымында жазылган комментарийге лингвистикалык баа берүү «таң калаарлык бат» өткөн — бир эле сутка.

«Бийликти эл шайлайт, эмнеге биз аларга нааразычылыгыбызды билдире албайбыз? Албетте, бийликти күч менен басып алууга чакыруу туура эмес чечим, бирок нааразылыкты айтууга ар бирибиздин укугубуз бар. Мен адвокат катары бул үчүн камакка алууну туура эмес деп эсептейм», — деди ал.

Ураимовдун үйүндө тинтүү жүргүзүп, анын жубайынын жана кызынын телефондорун, ошондой эле процессор жана кагаздарды алып кетишкен.

Активисттин жубайы тинтүү жүргүзгөндөрдүн протоколунда «Орозайым Нарматованын диплому боюнча» кылмыш иштин алкагында деп жазылганын айткан.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери жана Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Ураимовдун кармалышы партияга карата кысым деп баалаган.

Мирлан Ураимов — «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү. 2020-жылдагы шайлоого аталган партиянын курамында катышкан. Ал коомчулукта «Кемпир-Абад» суу сактагычынын плотинасынан 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине каршы чыккан активист катары белгилүү. Ошондой эле «Мекендеш ТВ» барагын алып барат жана Кемпир-Абад суу сактагычында болуп жаткан окуяларды Фейсбук барагында чагылдырып турат.

Ал жаңылыктарга 25-апрелде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен жергиликтүү тургундардын Кемпир-Абад суу сактагычындагы жолугушуусунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге таандык «Регион ТВ» телеканалынын журналисти менен урушуп кеткени үчүн чыгып калган.

Талашка Ураимовдун Ташиевге тиешеси бар «Регион ТВ» телеканалы элге «туура эмес маалыматтарды жеткирип жатат» деп айтканы себеп болгон.