Factcheсk.kg: Депутат Примовдун атасы Кыргыз-Орус фондунан 2,5 млн $ насыя алган болушу ыктымал

Factcheck.kg басылмасы Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан (КОӨФ) 2,5 млн доллар насыя алган киши — депутат Улан Примовдун атасы Бердибай Примов болушу ыктымал экенин аныктады.

Ошто ишкерлер алган эң чоң насыяны «Примов Б.» аттуу жеке ишкер алган деп билдирет басылма. Акча курулуш материалдарын: кыш, пескоблок жана таман таш өндүрүүгө берилген.

Журналисттер Ош шаарындагы шайлоочулардын тизмесин карап чыгып, анда Примов деген фамилияга ээ, аты «Б» тамгасынан башталган бир гана жаранды — депутаттын атасы Бердибай Примовду аныкташкан. Ата-бала бир эле шайлоо тилкесинде катталган.

Улан Примов — 2015-жылдан бери парламенттин депутаты. Биринчи жолу ал Жогорку Кеңешке КСДП партиясы менен келген, азыр болсо Алай районунан бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келди.

Депутаттын атасы Бердибай Примовго «Пэрити коал» компаниясы таандык. Бул компания 2011-жылдан бери мамлекеттик мекемелерге көмүр сатуу боюнча 570 тендерди уткан жана андан 60 млн сом иштеп тапкан.

«Фактчек» басылмасы osoo.kg сайтына шилтеме кылып, депутаттын атасына Кыргызстандын түштүк жана түндүк аймактарында иш алып барган 16 компания катталганын жазды. Ал компаниялар көмүр жана акиташ казып алуу, автоунаалар менен соода кылуу, кыш жана чатыр тоскучтарды (черепица) өндүрүү, курулуш менен алектенишет.

Тема боюнча:

Кен казуу, жүк ташуу, медиабизнес. Депутат Примовдун үй-бүлөсү 10дон ашуун компанияга ээлик кылат

Депутат Примовго караштуу Оштогу кыш заводу. Жайытсыз калган эл, бузулган жол