ИИМ абактагы жаран мамлекеттик кызматкерлерди алдап акча, курал алдырып жүргөнүн аныктады

Милиция кызматтык тепкичтен өйдөлөтүп берем деп убадалап, телефон аркылуу мамлекеттик кызматкерлерди алдап жүргөн шылуунду аныктады. Ал абакта жаткан 35 жаштагы адам болуп чыкты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызматынан абактагы жаран ар кайсы министрликтердин кабылдамасына телефон чалып, өзүн жогорку кызматтагы киши катары тааныштырып, кайра байланышка чыгууну өтүнгөнүн айтып беришти.

Адатта мындай ыкма иштеп турган — шылуунга кайра телефон чалышкан. Ал ведомствонун кызматкерлерине карьералык өсүш убадалап, алдын ала төлөм катары акча жана өзүнө керектүү буюмдарды талап кылган. Акча менен буюмдарды такси аркылуу жиберип турушкан.

ИИМденшылуундан жапа чеккендер милицияга арыз жазуудан баш тартканын билдиришти — ачыктоону каалашкан эмес. Бирок жабыр тарткандардын бири ИИМден жардам сурап кайрылган.

Милиция мамкызматкерлерди алдаган абактагы киши буга чейин 5 жолу соттолгонун аныктады — ар бир жолу алдамчылык үчүн соттолгон.

Андан тышкары, милициядан укук корго органдарына жардам сурап кайрылган аткаминер шылуундун кылтагына түшкөн көп чиновниктин бирөөсү гана экенин кошумчалашты. Дагы бир киши ага кызматтан өйдөлөтөм деген убадасы үчүн 20 миң сом бергенин билдирген.

Ал арада Kaktus Media басылмасы өздүк булактарына таянып, абактагылар министрликтердеги бир нече аткаминерге телефон чалып, өзүн президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев деп тааныштырып, акча өндүрүп алганын жазып чыкты.

Басылма алдангандардын бири Транспорт министри Эркинбек Осоев экенин, ал алдамчыларга 20 миң сом акча менен пневматикалык тапанча берип жибергенин жазды. Бирок, министрдин басма сөз катчысы бул маалыматты четке какты.