«Кааласа комиссияга кошуп алалы». Ташиев чек ара боюнча Исмаил Исаковго жооп берди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 10-февралда кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөйдү сынга алган «Азаттык» партиясынын лидери Исмаил Исаковго жооп кайтарды.

Камчыбек Ташиев жана Исмаил Исаков. Коллаж

Исаков «Политклиника» басылмасына курган маегинде Ташиев кол койгон №39 протоколдо көптөгөн тобокелчиликтер бар экенин айткан. Саясатчы кыргыз-тажик чек арасындагы маселени чечүү үчүн түзүлгөн комиссияны жоюп, кайрадан түзүү керек деп эсептейт. Ал ошондой эле Чек ара кызматын УКМКнын курамынан чыгаруу керек деген оюн айткан болчу.

Генерал Исмаил Исаков — мурдагы коргоо министри жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты. Ал 2008-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болсо, 2010-жылы коргоо министринин милдетин аткаруучу, убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон.

Исаковдун интервьюсу УКМКнын төрагасына жакпай калган көрүнөт. Ал саясатчыга «бул айтканыныз кыргыз элине кылган чыккынчылыгыныз болот» деп кайрылды.

«Эч качан Сиз айткан Исфара — Чоркух — Ак Сай — Ворух жолуна эл аралык макам берилбейт! Бул айтканыңыз кыргыз элине кылган чыккынчылыгыңыз болот. Төрт-Көчөнү сиз да бергиңиз келип турабы? Мен барымда берилбейт! Бир гана Ак-Сай — Ворух жолу протоколго ылайык, эки мамлекеттин башчылары кол койгон келишимге ылайык, жолдун статусу аныкталып, андан соң салынат, кандай шарттар коюлуш керек экенин бул жерде көрсөтө албайм», — деп жазды Ташиев Фейсбук барагына.

Ташиев «мен барымда бир дагы жер анклав болбойт» деп ишендирди. Ал эми Имаил Исаковдун максаты — коомчулукка калпты таратып, чек араны чечүү маселесин создуктуруу экенин айтты.

«Эсинизге түйүп алыңыз, эч бир жерди анклавга айлантпайбыз. Такталбаган, өз оюнуздан чыгарылган маселени айтып элдин бүйүрүн кызытпаңыз. Жерлерибизди анклав кылып койчу документтерди кабыл алып карап турчу биз эмеспиз», — деп жазды Ташиев.

Ал ошондой эле комиссияны таратууга эч кандай негиз жок экенин кошумчалады.

«Комиссияны жоюуга эч кандай негиз жок, Исмаил Исаков кааласа комиссияга кошуп алалы, иштеп берсин, бирок далилсиз, компетентсиз сөздөрдү таратууну мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн токтотуш керек», — дейт УКМК төрагасы.

Исмаил Исаков №39 протокол тууралуу: Ворухка жол куруунун артындагы илинчекти бири айта элек