Маркум спортчу Манас Эркул уулу Саймаитинин курьеринин өлүмүнө шектелип издөөдө жүргөн

2022-жылы январда Ош шаарында спортчу, грэпплин боюнча чемпион Манас Эркул уулунун сөөгү эжесинин үйүнөн асынган абалда табылган. Маалыматты «Клоопко» Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков тастыктаган.

Маалыматта ал эжесинин үйүнө барганы айтылган. Эжеси асынган инисин дааратканадан тапкан, сактап калууга болгон аракетинен майнап чыккан эмес.

Ошол кезде эле айрым ЖМКлар укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянып, спортчу Эркул уулу 2019-жылдан бери издөөдө жүргөнүн жазышкан.

«Клооптун» укук коргоо органдарындагы маалымат булагы Эркул уулу издөөдө жүргөнүн тастыктады. Ал эми «Азаттык» басылмасына маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы тастыктады.

«Манас Эркул уулу адам өлтүрүүгө байланышкан кылмыш ишинин алкагында изделип жаткан. 2019-жылы 23-октябрда “Манас” аэропортунун акысыз унаа токтотуучу жайында “Хонда-Торнео” үлгүсүндөгү унаанын багажынан 1980-жылы туулган Чүй облусунун тургуну Хусан Керимовдун сөөгү табылган. Ал жеке унаасында жүргүнчү ташычу, андан тышкары бандероль жеткирип берчү», — деп билдирди ал.

Хусан Керимов деген ким?

2019-жылы 22-октябрда Хусан Керимов Бишкектен чыкканда жарым саатта жетип берчу аралыктагы «Манас» эл аралык аэропортуна жол алат. Өмүрүнүн акыркы күнү Хусан Керимов 1,6 миллион доллар өлчөмүндөгү накталай акчаны жеткирүүгө жөнөгөн.

«Таксист ири суммадагы акча каражатын алып бараткан, кийин аны өлтүрүүгө шектелип кармалгандардын жанынан 100 миң доллардан ашык уурдалган акча табылган», — дейт биздин өздүк булак.

Окуяга чейин бир нече апта мурда Керимовго кол салышкан, анда ага ок да чыгарышкан. Ошондуктан Хусан байланышка чыкпай калганда агасы аэропортту көздөй жөнөгөн. Аэропортко келип, унаа токтотуучу жайдан Хусан Керимовдун «Хонда-Аккорд» унаасын көргөн, бирок шектүү эч нерсе байкаган эмес. Ал терминалга кирип иниси тууралуу сураштырып, издей баштаган. Бирок эч ким анын кайда экенин билген эмес.

Керимовдун агасы адам жоголгону тууралуу милицияга кабарлап, өзү издөөнү уланткан. Эртеси күнү ага милиция кызматкерлери кошулган.

«Ошол эле күнү милицияга Комсомол айылынын тургуну кайрылып, иниси Х.Керимов 2019-жылдын 22-октябрында үйүнөн чыгып аэропорт тарапка кеткен бойдон кайрылып келбегенин айткан», — деп билдирди маалымат берген адам.

Издөө иштерин жүргүзгөн топ кечинде кайрадан аэропорттогу унаа токтотулган жерге келген — Хусандын сөөгү унаанын жү ташуучу бөлүгүнөн табылган. Анын колу байланып, өзү ур-тепкиге алынган абалда болгон.

«Бул кылмыштын бетин ачуу үчүн ыкчам-иликтөө тобу түзүлүп, ири тергөө аракеттери өткөрүлгөн, ыкчам каралар көрүлгөн. “Каракчылык, опузалап талап кылуу же терроризм акт менен коштолгон киши өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон», — деп билдирди биздин укук коргоо органдарындагы маалымат булагыбыз.

Керимов акчаны кимге алпараткан?

Хусан Керимов ишкер Айеркен Саймаитиге иштеген. «Клооп», «Азаттык» жана ОССRР уюмунун «Көмүскө кербен. Миллиондогон долларларды Кыргызстандан кантип накталай чыгарышат?» аталышындагы иликтөөсүндө мындай курьерлер кантип иштегени тууралуу айтылган.

Адатта акча алчу киши алдын ала макулдашылган номурга телефон чалат; ал киши менен терминалда жолугат; андан нак акчаны алат да Стамбулга жол тартат. Учак абага көтөрүлөрдөн мурда баалуу аманатты алып баратканын бышыктоо үчүн өзүн сүрөткө (селфи) тартып, аны көзөмөлдөп турган кишиге жөнөтөт.

Саймаити Керимов сыяктуу курьерлердин ири тармагын түзгөн — Керимов сыяктуу ондогон адамдар арзыбаган акы алып, таңгакталган долларды алдыдагы отургучтун алдына Бишкектен Стамбулга байма-бай каттап турган. Ар бир баштыкта бир нече жүз миңден бир канча миллион долларга чейин акча болгон.

Керимов жоголгондо Саймаити иликтөөчү-журналисттерге сырын ачууну чечкен. Ал журналисттерге далилдерди берип, бир эле анын тармагы аркылуу Кыргызстандан миллиард доллардан ашык акча чыгарылып кеткенин айтып берген.

«Башым ооруп чыкты», — деген ал үнү каргылдана. «Өлбөсө болот эле, төрт баласы бар экен да... Болуптур, ур, пулун алып ал. Бирок өлтүрүп да коебу адамды, пул үчүн?!»

Андан эки апта өтпөй Стамбулдун чок ортосунда Саймаити өзү да киши колдуу болгон.

Дагы бир адамдын өлүмү

Керимов өлтүрүлгөн тушта Саймаити менен байланышы бар дагы бир киши көз жумган — ал Хуфур Абдурахеман аттуу бизнесмен.

Абдурахеман «Мадина» базарында иштечү. Саймаити жана башка булактардын айтымында, Абдурахеман башка сатуучулардын чогулган акчасын чек арадан алып өтүү үчүн чогулткан «коллектор» болгон.

2019-жылы декабрда Ички иштер министринин орун басары Памир Асанов киши колдуу болгон Хусан Керимов Кыргызстандан Түркияга акча чыгарып кетип турган курьер болушу мүмкүн, бирок ИИМде азырынча бул фактылардын далили жок экенин билдирген.

ИИМдин тергөө кызматынын башчысы Сыргак Айткулов ошол убакта «Мадина» кафесинин ээси Хуфур Абдурахемандын Айеркен Саймаити менен байланышы жок деп айткан.

Бул адамдарды өлтүргөндөр табылганбы?

Абдурахемандын өлүмүнөн дээрлик эки аптадан кийин милиция кызматкерлери кылмышка шектеп сегиз адамды кармаган — алардын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жана эки мурдагы милиция кызматкери да болгон. Алар маркумду уурдап кетип, өлтүрүп, сөөгүн Нарын облусунда көмүп салышканын айтып беришкен.

Ал эми Керимовдун өлүмү боюнча милиция кылмыш кылган учурда бири уурулук, зордуктоо, талап тоноо үчүн, экинчиси аткезчилик жана мыйзамсыз баңгизат сактоо беренеси боюнча соттолуп, жатак абагында жаза өтөп жаткан эки адамды кармаган.

«Киши өлтүрүүгө шектелип буга чейин бир нече ирет уурулук, зордуктоо жана каракчылык үчүн соттолгон Чүй облусунун 30 жаштагы Б.Ч., аттуу тургуну жана бир нече жолу баңгизатты мыйзамсыз ташуу жана сактоого айыпталып соттолгон Ош облусунун 35 жаштагы тургуну кармалган. Экөө тең жаза мөөнөтүп жатак абагында өтөп жаткан», — деп билдирди биздин укук коргоо органдарындагы өздүк булагыбыз.

Андан тышкары, ИИМ эки адамдын өлүмүнө байланыштуу дагы эки адамга, анын ичинде маркум Эркул уулуна издөө жарыялаган.

«Учурда кылмышка шектелип буга чейин каракчылык, бейбаштык жана бөтөн мүлктү жок кылуу же бузуу беренелери боюнча соттолгон Ош шаарынын 31 жаштагы тургуну Акжол Мамарасул уулу изделүүдө. Ыкчам маалыматтарга караганда ал Орусиянын аймагында жашынып жүрөт. Бул кылмышка тиешеси бар деп 30 жаштагы Манас Эркул уулу дагы изделип жаткан», — дейт биздин булак.

Уйгур тектүү кытайлык ишкер Айеркен Саймаити 2019-жылы 10-ноябрь күнү кечинде Стамбулдун отелдеринин бириндеги кафеде атып өлтүрүлгөн. Каза болгонго чейин ал контрабанданын масштабы тууралуу маалыматтарды берүүгө үлгүргөн.

Саймаити Кыргызстандан миллиондогон долларларды чыгарып кеткен уйгур улутундагы Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн көмүскө карго-империясы үчүн акчалардын изин жашырып берүү ишин аткарып жүргөнүн, кийин ал Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылып кеткен бажы кызматынын төргасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимов менен кызматташканын айтып берген.

Түрк полициясы анын өлүмүнөн кийин кылмышка шектүү катары төрт адамды кармаган.

Тема боюнча: Көмүскө кербен. Миллиондогон долларларды Кыргызстандан кантип накталай чыгарышат?