Бишкектин Свердлов райондук соту 11-февралда парламент депутаты Акбөкөн Таштанбековго карата козголгон кылмыш ишин токтотту. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Басма сөз кызматтан жазык өтөө мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу иш токтотулганын түшүндүрүштү.
Акбөкөн Таштанбеков парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары жарыялангандан кийин, 2021-жылдын 6-декабрында кармалган. УКМКдан ал «улут аралык жана аймактар аралык кастыкты козутууга» шектелип кармалганын билдиришкен.
Атайын кызмат парламенттик шайлоо учурунда соцтүйүндөргө Таштанбековдун катышуусундагы видео жарыяланганын айтышкан. УКМКнын версиясы боюнча, видеодо Таштанбеков ачык эле «улут жана аймактар аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттерди жасаган».
Таштанбеков өзү ошол кезде бул иште жабырлануучулар да, күбөлөр да жок экенин, аны айыптаган видео болсо монтаждалганын айткан.
Акбөкөн Таштанбеков «Афган согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынын» лидери катары белгилүү. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына ал Ысык-Ата бир мандаттуу округунан шайланып келген.
Камакка алынгандыктан Таштанбеков 2021-жылы 29-декабрда өткөн депутаттык күбөлүк жана төш белги тапшыруу аземине катыша алган эмес. Борбордук шайлоо комиссиясы аларды Таштанбековго 31-декабрда тапшырган.
11-январда Бишкектин Свердлов райондук соту Таштанбековду эч жака кетпөө тил каты менен бошотуп, эртеси күнү ал парламенттин жетинчи чакырылышынын депутаты катары ант берген.