Парламент депутаты Акбөкөн Таштанбеков эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду

Бишкектин Свердлов райондук соту 10-январда Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулганын маалымдады.

Таштанбеков 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоого Чүй облусунун №30 Ысык-Ата шайлоо округунан эң көп добуш алган. 6-декабрда УКМК аны «улуттар жана региондор аралык кастыкты» козутууга шектеп камакка алган.

Депутаттын кармалуусуна соцтармактарда тараган тасма себеп болгон — анда Таштанбеков видеону тарткан кишини «кемсинткен сөздөрдү айтканын» көрүүгө болот. Бирок аталган видео кийинчээрек өчүрүлгөн.

Боршайком Таштанбековду кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн макулдугун берген. Бирок эгерде Таштанбековдун күнөөсү сотто далилденсе ал депутаттык мандатынан ажыратылары айтылган.

БШКнын жыйынында Акбөкөн Таштанбековдун өкүлү аталган видео үч жыл мурун тартылганын жана ал «турмуштук чыр-чатак болгон» деп белгилеген.

Ал эми 31-декабрда Таштанбековго депутаттык күбөлүк менен төш белги тапшырылган.