«Апасы дарыланууга муктаж». Кыргыз мушкери сый акысын таджикистандык мушкер менен бөлүштү

24 жаштагы Марсел Нурланбек уулу аттуу кыргыз мушкери беттеште алган сый акысын тажик мушкери менен бөлүштү.

Нурланбек уулу Hardcore Fighting Championship MMA турнирине катышып, орусиялык мушкер Григорий Беляев менен беттешти. Турнирде жеңишке жеткен Марсел уюштуруучулардан анын сый акысынын жарымын тажикстандык Камил Хасановго которууну суранды.

Анын айтымында, «Каратэ» каймана аты менен белгилүү тажикстандык мушкердин апасы дарыланууга муктаж.

Нурланбек уулу — самбо боюнча спорт чебери жана грэпплинг боюнча спорт чеберине талапкер. Беттеш учурунда орусиялык мушкер Нурланбек уулуна чабуул койгон, бирок 2-раунддун 2-мүнөтүндө кыргызстандык спортчу каршылашын оор ыкма менен багынууга аргасыз кылган.