Президент Жогорку соттун төрагасынын үч орун басарын дайындады, алардын бири — Нургүл Бакирова

Президент Садыр Жапаров 11-февралда Жогорку соттун төрагасынын үч орун басарын дайындады. Президенттин жарлыгына ылайык, бул кызматты Жогорку соттун судьялары Нургүл Бакирова, Айбек Давлетов жана Нурлан Мусаев беш жыл аркалайт.

Ошол эле күнү, 11-февралда президенттин басма сөз кызматы Жогорку соттун төрагасынын орун басары Качыке Эсенканов өз арызынын негизинде кызматынан кеткенин билдирди.

Аны менен катар Карыбек Дүйшеев беш жылдык мөөнөткө Конституциялык соттун төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Буга чейин Нургүл Бакирова Жогорку соттун төрагалыгынан кеткен. Анын ордуна бул кызматка Замирбек Базарбеков дайындалган.

Бакирова Жогорку соттун төрайымы болуп 2021-жылдын апрель айынын бери иштеп келген. Аталган органдан анын кызматтан кетишин жаңы Конституцияга ылайык, сотторду президент дайындай турганы менен түшүндүрүшкөн.