27 млн сомдон ашуун зыян. «Бишкекжарыктын» чиновниктерине кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынан чиновниктерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ишкананы текшерүүдө мүлк жетишпей жатканы аныкталып, мамлекетке келтирилген зыян 27 млн 189 миң 678 сомду түзгөн.

Башкы прокуратура «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» жана «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренелери менен кылмыш ишин козгоду. Тергөө улантылып жатат.