Адвокат: Бишкек шаардык соту Болот Темировдун кармалышын мыйзамдуу деп тапты

Адвокат Нурбек Токтакунов Бишкек шаардык соту иликтөөчү-журналист Болот Темировдун кармалышын мыйзамдуу деп тапканын билдирди. Токтакунов тергөөчү Болот Темиров милицияга алып келингенде протокол түзгөн эместигин белгиледи.

Ошондой эле Токтакуновго сот чечимин угузууну видеого тартууга тыюу салынган.Жактоочунун айтымында, төрагалык кылып жаткан судья Нурбек Эсеналиев «сот чечими ачык угузула турганын дагы билбейт экен». 

Видео: Нурбек Токтакуновдун Фейсбук барагы.

Буга чейин, 23-январда, Свердлов райондук соту дагы журналисттин кармалганын жана укук коргоо органдарынын тинтүү учурундагы аракеттерин мыйзамдуу деп тапкан.

Temirov Live’дын иши

Милиция 22-январда Temirov Live’дын негиздөөчүсү Болот Темировду жана анын кесиптеши, төкмө акын Болот Назаровду кармаган.

Болот Темировду кармоо. Сүрөт: Азиза Раибердиева

Ошол эле күнү күч кызматкерлери Temirov Live’дын редакциясында тинтүү жүргүзүшкөн. Алар Темировдон баңгизат табылганын айтышкан. Тинтүүгө күбө болгон редакциянын журналисттери баңгизатты Темировдун чөнтөгүнө салып коюшкан деп билдиришкен. Милиция кеңседен техниканын баарын жана хард-дисктерди алып кеткен.

Кармоодон кийин Темиров наркологияга жеткирилген — заарасын текшерүүдө баңгизат табылган эмес. Эртеси Темиров менен Назаров эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган.

Темиров «Сатуу максатын көздөбөстөн баңгизат өндүрүүгө» шектелип жатат.

Темиров да, Назаров да милициянын аракеттерин өздөрүнүн ишмердүүлүгү жана «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик компаниясы өндүргөн мазутту экспорттоо боюнча иликтөөнүн чыгышы менен байланыштырышууда. Бул схемаларга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандарынын тиешеси бар.