Марат Жаманкулов Конституциялык соттун аппарат жетекчиси болуп дайындалды

Марат Жаманкулов

Мурдагы юстиция министри Марат Жаманкулов Конституциялык соттун аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу 14-февралда мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Жаманкуловду жамаатка Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев тааныштырды.

«Эмил Өскөнбаев өз сөзүндө Марат Жаманкулов буга чейин Конституциялык палатанын аппарат жетекчиси кызматын аркалап, ишинин жогорку жыйынтыгын жана өзүнүн профессионалдык сапаттарын көрсөтүп, ошонун аркасында кийин Юстиция министрлигин жетектеп келгенин белгиледи», — деп берилет Конституциялык соттун билдирүүсүндө.

Мындан сырткары, Өскөнбаев жаңы Баш мыйзамга ылайык, Конституциялык соттун «адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоодогу ролу кыйла жогорулап, анын алдында жаңы, чоң милдеттер турганын» белгилеген.

Жаманкулов 2018-жылы юстиция министри болуп дайындалган. Ал эми 2021-жылдын февраль айында жаңы өкмөттүн курамы бекитилип, анын ордуна Асел Чынбаева келген.

Ага чейин Жаманкулов өкмөттүн аппаратында экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын аппарат башчысы катары эмгектенген.

Мындан сырткары Жаманкулов Конституциялык кеңешменин мүчөсү болгон.