Садыр Жапаров Бишкек — Кара-Балта жолун оңдоо иштерин жыл аягына чейин бүтүрүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Президент Садыр Жапаров 15-февралда иш сапары менен Чүй облусуна барып, Бишкек — Кара-Балта унаа жолун оңдоо иштери менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Транспорт министри Эркинбек Осоев президентке жолдун 7,4 чакырымын оңдоо иши калганын айтып берди. Жолдун жалпы узундугу 52,2 чакырымды түзөт. Ал жолдун калктуу конуштардагы негизги бөлүгү алты тилкелүү болорун кошумчалады.

Президент Транспорт министрлигине жолду реконструкциялоону 2022-жылдын аягына чейин бүткөрүүнү тапшырды.

Жолдун реконструкциясы 2018-жылдын апрелинде башталган. Ал учурда жергиликтүү тургундар дарактар кыйылып, ремонт иштери жай жүрүп жатканына нааразы болушкан. Ал эми Транспорт министрлиги трассаны оңдоп-түзөө иштерин үч жылдын ичинде жыйынтыктоо пландалганын, бирок пландан артта калып жатканын моюндаган.

Ал эми 2021-жылдын июль айында ведомство жолду оңдоо иштерин 2022-жылдын ноябрында бүткөрүү пландалып жатканын билдирген.

Президенттин Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жапаровго Бишкектин түндүк бөлүгүндөгү айланма жолду реконструкциялоо долбоору да көрсөтүлдү. Долбоорго ылайык, автожол кеңейтилип, ага жол кайчылаштары, тротуарлар жана жол үстүнөн адамдар өтүүчү өтмөктөр курулат.

Түндүк айланма жолунун узундугу 34 чакырымынды түзөт. Негизги бөлүгү ортодо бөлүүсү менен 4 тилкелүү болот. Басма сөз кызматтан белгилешкендей, жолду оңдоо иштерине инвесторлорду тартуу пландалып жатат.

Садыр Жапаров бул ишти дагы тездетүүнү тапшырды.