Жалал-Абад: Кар көчкүнүн астында калган 4 кишини издөө иштери уланууда

Жалал-Абад облусундагы Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунда 14-февралда эки жолу кар көчүп, төрт киши дайынсыз болууда. Андан сырткары табигый кырсыктан үч адам жабыркады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алгач Көк-Арт ашуусундагы тоннелдин түндүк тарабында болжол менен саат 12:30 чамасында кар көчкөнүн билдирген.

Анын кесепетинен «Чайна Роуд энд Бридж» компаниясынын үч кызматкери — экөө кытай, бирөө кыргыз жараны — жана кар тазалоочу техникалар кар астында калган.

Алар тоннелден Казарманды карай кеткен жолдо тазалоо иштерин жүргүзүп жатышканда кырсыкка кабылышкан. Ошондой эле кардын алдында «НИВА» үлгүсүндөгү унаа, экскаватор жана жүктөөчү техника калган.

Ошол эле күнү саат 17:30 чамасында тоннелдин түштүк тарабында экинчи жолу кар көчүп, пикап унаасын жана вагонду сайга сүрүп кеткен. Натыйжада үч адам жабыркап, бир киши дайынсыз болууда.

Жабыркаган кызматкерлер Сузак районунун Октябрь айылындагы ооруканага жеткирилген. Алардын экөө кыргыз, бирөө кытай жараны экени аныкталды. Ал эми кардын алдында калган адамдын аты-жөнү такталууда.

Дайынсыз болуп жаткан төрт кишини табууга ӨКМдин Тогуз-Торо райондук бөлүмүнөн 7 куткаруучу, Жалал-Абад шаардык №20 ӨКБдан 4 куткаруучу, №2 Өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу жана «Чайна Роуд энд Бридж» ишканасынан 30 кызматкер тартылды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Чаткал: Кар көчкү түшүп, алтын казган ишкананын эки кызматкери каза тапты