Минкаб «Кыргызнефтегазга» Орусиянын «Газпром» ишканасынан инвестиция тартууну каалайт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров комиссия түзүү тескемесине кол койду. Ага алайык, комиссия «Кыргызнефтегаз» мамишканасына Орусиянын «Газпром» мамкомпаниясынан инвестиция тартып келиши керек. Документ Юстиция министрлигинин сайтына чыкты.

Жапаровдун тескемесине ылайык, «Газпромдун» инвестициясы өлкөнүн мунайгаз жана мунай иштетүү тармактарын өнүктүрүү үчүн тартылмакчы. Комиссияны уюштуруу иштерин Экономика жана коммерция, ошондой эле Энергетика министрлиги алып барат.

Орусиянын «Газпрому» Кыргызстандын энергетикалык рыногунда көптөн бери эле иштеп келет. «Газпром» 2014-жылы «Кыргызгаз» мамлекеттик компаниясын сатып алган. Андан бир жыл мурун депутаттар «Кыргызгаз» ишканасын болгону 1 долларга сатуу чечимин кабыл алышкан.

Кыргызгазды» бир долларга алуу менен орусиялык компания ишкананын бардык карыздарын төлөп кутулууга макул болгон, ал кезде ишкананын карыздары миллиондогон долларды түзчү. «Кыргызгазды» сатууну парламент жактырганы менен бардык эле депутаттар келишимди колдошкон эмес.