Жалал-Абад шаардык соту журналист Куттумидин Базаркуловду 27-мартка чейин камакта калтырды

Жалал-Абад облустук телеканалынын мурдагы директору Куттумидин Базаркуловдун абактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу 16-декабрда «Клоопко» Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Төрөмаматов билдирди.

Мааламытка ылайык, шаардык сот Базаркуловду 27-мартка чейин абакта калтыруу тууралуу чечимди январдын аягында чыгарды.

Куттумидин Базаркулов. Сүрөт: БШКнын басма сөз кызматы.

Өткөн жылдын 27-ноябрында Базаркуловду өздөрүн «УКМК кызматкерлерибиз» деп тааныштырган куралчан адамдар Бишкектеги үйүнөн Жалал-Абадга алып кетишкен. 28-ноябрда Жалал-Абад шаардык соту аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Атайын кызмат Базаркуловду «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен айыптап жатат. Базаркуловдун жубайы Жамиля Сыдыкованын айтымында, атайын кызмат Базаркуловду 2015-2016-жылдары ЖТРди жетектеп турганда видео техника сатып алуу үчүн тендер өткөрүүдөгү мыйзам бузуулар үчүн кармаган.

«ЖТРди жетектеп турганда видео техника алуу үчүн тендер өткөрүүдө мыйзам бузулган деген ишти өз убагында облустук прокуратура текшерип эч нерсе тапкан эмес. Бул саясий куугунтук деп ойлойм. Анткени Куттумидин эркин журналист катары Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларды, азыркы бийликтин кадр саясатын сындап жүргөн», — деп билдирди Сыдыкова

Ал эми Саясий активист Эрлан Бекчоро уулу Базаркуловду «активист» деп атап, анын камакка алынышын курч саясий көз карашы менен байланыштуу болушу мүмкүн деп эсептейт.

«Куттумидин Базаркулов камакка алынган депутат Бакыт Жетигенов, активист Азамат Мусакеев менен бир командада болчу. Камакка алынышы активисттик ишмердүүлүгү менен байланыштуу деп ойлойм», — деген ал «Клоопко» курган маегинде.

Эмне болгон тендер?

2016-жылдын август айында УКМК ЖТРКнын жетекчилигине карата «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу» беренси боюнча кылмыш ишин козгогон.

ЖТРКнын жамааттык арызынын негизинде атайын органдын жергиликтүү кызматкерлери каржы-чарбалык иштер жана бюджеттик каражаттарды которуунун мыйзамдуулугун текшерип, мыйзам бузууларды аныктаган.

Облустук телеканалды 2010-2016-жылдар аралыгында башкарып келген Куттумидин Базаркулов ушул ишке байланыштуу кызматынан бошотулган.

Куттумидин Базаркулов деген ким?

Куттумидин Базаркулов «Дербиш» коомдук фондунун директору, «Адам» гезитинин башкы редактору.

2010-2016-жылдары Жалал-Абад облустук телеканалын жетектеген. 2021-жылы 10-январда өткөн президенттик шайлоого талапкерлигин койгон. Бирок кийин баш тарткан.

2021-жылдын апрель айында Базаркулов 7-апрель окуясынын 11 жылдыгын утурлай «Март, апрель, октябрь революцияларынын сабактары» аттуу коомдук талкуу уюштурган. Талкууга укук коргоочулар, апрель окуясында курман болгондордун жакындары, жарандык активисттер катышкан.

Акыркы учурларда эркин журналист, «Модератор. кж» сайтынын ээси катары белгилүү.

Тема боюнча дагы окуңуз:

«Куралчан адамдар алып кетишти». Эркин журналист Куттумидин Базаркулов камакка алынды