Британ элчиси «Кыргыз Туусу» гезити өзү тууралуу жалган маалымат чыгарганын билдирди

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гаррет өкмөткө караштуу «Кыргыз Туусу» гезити өзү тууралуу жалган маалымат чыгарганын билдирди. Бул тууралуу Гаррет Twitter барагында маалымдады.

Элчи гезиттин башкы редактору Мырзакат Тыналиевге кат жолдоп, бир нече күн мурда жарык көргөн макалага төгүндөө берүүнү суранды.

«Эгер гезиттин кайсы бир кызматкери мени менен байланышкысы келсе, мен өзүмдүн ишим тууралуу чын дилден айтып берем. Ар башка адамдар менен жолугушуу — бул кадимки дипломатиялык практика», — деп жазды ал.

Эмне болгон макала?

Ушул жумада «Кыргыз Туусу» (гезиттин сайтында ал 15-февралда жарык көргөн) «Батыш саясатынын башкы максаты башка» деген аталышта Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар тууралуу материал чыгарган.

Материалда өкмөттүк эмес уюмдар сынга алынып, бейөкмөт уюмдар мыйзамы тууралуу сөз болгон. Мындан тышкары, макаланын автору Мелис Совет уулу Улуу Британиянын элчиси Чарльз Гаретти Кыргызстандагы «оппозициялык нааразычылыктардын негизги координатору» деп атаган.

Совет уулу дипломат 2020-жылдагы октябрь окуяларынын алдында «батышчыл саясий түзүмдөрдүн жана фонддордун» жетекчилерине кеңеш берген, ал эми элчилик аларга «азыркы бийликтин айрым өкүлдөрүн дискредитациялоо үчүн» акча бөлүп берген деп жазган.

Автор өз материалында 2020-жылдын 2-ноябрында жарыяланган «Эхо Кыргызстана» басылмасынын материалына таянган.

Өз кезегинде «Эхо Кыргызстана» басылмасы 2021-жылдын жайында эле жабылган «Дело №» гезитиндеги макалага таянган*.

*Редакция окурмандарга кайрылуусунда гезит «өлкөдө орногон жол берилгис саясий кырдаалга» байланыштуу чыкпай калганын түшүндүргөн. Гезиттин редакциясы жеңиш менен алынган эркиндиктин жана демократиянын принциптери «иш жүзүнө алып караганда жокко чыгып калганын» билдирген.