«Чет элдик агент» мыйзамы». ЖК төрагасы долбоорду кайра кароо демилгесин кароону тапшырды

Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов парламенттин аппаратына депутат Надира Нарматова демилгелеген «чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзам долбоорун карап чыгуу боюнча протоколдук тапшырма берди. Бул тууралуу «Клоопко» спикердин басма сөз катчысы Эркин Каимов билдирди.

Буга чейин экс-депутат Турсунбай Бакир уулу «Koom.press» басылмасына маек куруп, Мамытов депутаттарга «чет элдик агенттер» тууралуу жаңы мыйзам жазып чыгуу тапшырмасын бергенин айткан. Бакир уулу бул ишке Нарматова да катышарын кошумчалаган.

Бирок Эркин Каимов экс-депутаттын сөздөрү «чындыкка дал келбейт» деп билдирди.

«[“Чет элдик агенттер” мыйзамы тууралуу] маселени Нарматова көтөрүп чыккан. [Депутаттар] кайсыл бир маселени көтөрүшсө, регламентке ылайык, төрага [протоколдук тапшырма берет]. [Мамытов] жаңы мыйзам жазгыла деген тапшырма берген эмес», — деп түшүндүрдү төраганын басма сөз катчысы.

Нарматованын демилгеси

Жогорку Кеңештин 10-февралдагы отурумунда депутат Надира Нарматова депутаттарды «чет өлкөлүк агенттер» тууралуу мыйзамды кабыл алууга чакырган.

Ал бул мыйзам долбоорун экс-парламентарий жана экс-акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу жана Нуркамил Мадалиев менен бирге 2014-жылы эле демилгелешкенин эске салган.

«Бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамды экинчи окуудан өткөргөндө биздин мөөнөтүбүз бүтүп калып кетип калган элек. Ал мыйзамды алтынчы чакырылышта комитеттин деңгээлинде карашып, тилекке каршы, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү Жогорку Кеңештин составына 20га жакын адам кирип калып, каршы иш жүргүзүшүп, мыйзамды өткөрбөй, четке какканга мажбур болушкан», — деген эле Нарматова.

Нарматова Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар «бийликке тынчтык бербей жатат» деп эсептейт.

«Урматтуу төрага, мен сизге сунуш кылам, суранам, ошол бешинчи чакырылышта, комитеттин деңгээлиндеги мыйзамды кайрадан көтөрүп чыкканга протоколдук тапшырма берсеңиз», — деп өтүнгөн Нарматова.

Турсунбай Бакир уулу, Надира Нарматова жана Нуркамил Мадалиевдин мыйзам долбоору Орусиянын «чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзамына окшош.

Документке ылайык, «саясий ишмердүүлүк менен алектенген» коммерциялык эмес уюмдар «чет өлкөлүк агент» аталат. Бирок 2016-жылы алтынчы чакырылыштын депутаттары документи кабыл алышкан эмес.

Тема боюнча окуңуз: «Чет элдик агенттер» мыйзамынын демилгечиси Надира Нарматова тууралуу эмне белгилүү

Чет өлкөлүк агенттер: Орусия башкача ой жүгүртүүнү басмырлоодо башка өлкөлөргө кандайча мисал болду