Кара-Көлдө эки өспүрүмдү унаа коюп кетти, бирөө каза тапты

Скрин «Турмуш» басылмасынын видеосунан алынды

16-февралда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында унаа эки өспүрүмдү коюп кетти, алардын бири каза тапты. Бул тууралуу «Клоопко» Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек — Ош унаа жолунун 386-чакырымында «Хонда Стрим» унаасы жогорку ылдамдыкта бара жатып, айдоочу чукул бурулуштан ролду башкара албай калган. Натыйжада унаа арыкка түшүп, оодарылып, тротуарда бара жаткан эки баланы коюп, сайга кулап кеткен.

Жол кырсыкта жабыркаган дагы бир өспүрүм, ошондой эле унаанын ичинде отурган эки киши ар кандай жаракаттар менен шаардык оорукананын хирургия бөлүмүнө жеткирилген. Учурда бир өспүрүм оорукананын жандандыруу бөлүмүндө.

Маалыматка ылайык, маркум 16 жашта болгон, ал эми жандандыруу бөлүмүнө түшкөн өспүрүм 17 жашта. Ошондой эле кырсыкка кабылган унаанын айдоочусу 18, жүргүнчү 19 жашта.

Буга чейин 11-июлда түнү Бишкек — Ош унаа жолунун 373-чакырымындагы Капчыгай тилкесинде «Хонда Одиссей» менен «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унаалар кагышып эки адам каза болгон. Дагы алты адам жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.

Жалпысынан Кыргызстанда 2021-жылдын башынан октябрь айына чейин катталган жол кырсыктарынан 587 киши каза тапкан. 5 437 жол кырсыгы катталып, 8 298 киши жаракат алган. Былтыркы жылга салыштырмалуу кырсыктар 29,2%га өскөн. Ал эми андан жаракат алгандардын саны 31%га, каза тапкандар 15,3%га көбөйгөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кара-Көл шаарында жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду

Кыргызстанда жол кырсыктарын эсепке алуучу онлайн-сервис ишке киргизилди