Кара-Көл шаарында жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду

Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызматы

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 11-июлга караган түнү «Хонда Одиссей» менен «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унаалар кагышып, эки адам каза болду. Дагы алты адам жаракаттар менен ооруканага жеткирилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кырсык Бишкек — Ош унаа жолунун 373-чакырымындагы Капчыгай тилкесинде катталган.

Кырсык болгон жерге Кара-Көл шаардык №94чү куткаруу бөлүгүнөн төрт кызматкери тартылган. Алар кырсыктан каза болгондордун сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми кырсыктан жабыркаган алты адам Кара-Көл шаардык ооруканасында, алардын абалы оор.

Буга чейин, 8-июлда, Бишкек — Ош унаа жолундагы Кара-Жыгач тилкесинде Chevrolet Cruze үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, каршы тилкеге чыгып сайга кулап кеткен. Кырсыктын кесепетинен 21 жаштагы киши каза каза болуп жана үч адам жеңил жаракаттарды алышкан.

Жол кырсыктары көбөйгөнүнөн улам президент Садыр Жапаров 14-июнда ИИМге жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүүнү тапшырган.

Ал жарандарды жол кыймылынын эрежелерин сактоого, айдоочуларды жолдо этият болууга, жөө жүргүнчүлөр менен жол кыймылынын башка катышуучуларын сыйлоого чакырган.