ТИМ Түркияда зомбулукка кабылган үч балалуу кыргызстандык аялдын ишин көзөмөлгө алды

14-февралда, түркиялык ЖМКлар кыргызстандык 28 жаштагы Айнура Рыскелдиева үч баласы менен күйөөсүнөн кордук көрүп, үч күн бою көчөдө түнөгөнү тууралуу репортаж жарыялашкан.

Түркиянын Кепез шаарынын Үй-бүлө маселелери боюнча башкармалыгы зомбулукка кабылган Рыскелдиеванын күйөөсүнө аны менен байланышууга бир айга тыюу салды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги 16-февралда кабарлады.

Ал эми Рыскелдиева журналисттерге берген маегинде кайдыгер адамдардын жардамы менен коопсуз жайга көчүп барганын айтып берген.

«Үбөлүк менен уруп, колума кайнак суу куюп күйгүзгөн. Укук коргоо органдарына дайыма барчумун, бирок бул жакта жашоого уруксат документим жок болгондуктан арыз жаза албайт элем. Балдарым Түркиянын жарандары. Менин визамдын убактысы бүтүп калгандыктан аларды көрбөй калуу коркунучу болгон үчүн айла жок чыдап жүрдүм», — деген Рыскелдиева.

Кыргызстандыктын айтымында, ал Түркияга 2013-жылы бала багуучу болуп иштөө үчүн келген. Рыскелдиева түрк жараны менен беш жыл мамиледе жүрүп, үч балалуу болгон. Бирок, анын айтымында, акыркы 2,5 жылда анын жолдошу башка аял менен жүрүп алган.

«Аны менен чогу жүрүп, бизди такыр карабай калды. Зомбулук көрсөтүп, мени кемсинткен сөздөрдү айтат эле. Үйдөн куулгандан мурда күйөөмө бир аялдын билдирүү келгендигин көрдүм. Ага чалып: “мындан ары сеники болсун” десем мени уруп, түн жарымда үч кызым менен көчөгө чыгарып койду. Эки баламды бир досумдун үйүнө таштап, кичинекей кызым менен үч күн көчөдө түнөдүм. Андан соң баш калкалоочу жерге бардым. Ал жердегилер жардам берип, калган эки кызымды алдым. Учурда убактылуу бир үйдө турабыз», — деген ал.

Ал эми 15-февралда Кыргызстандын Стамбул шаарындагы консулдугу Рыскелдиева менен байланышка чыкканда ал «учурда эч кандай көйгөйү жок экенин» билдирген. Ошондой эле ТИМден кыргызстандык Кепез шаарында ижарага алынган батирде жашап жатканын жана андан ары Түркияда туруусун мыйзамдаштырып, өлкөдө калууну көздөп жатканын белгилешти.

«Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу Рыскелдиевага Түркияда жашап турууга уруксат алуу маселеси жана өлкөдө жүрүүсүн мыйзамдаштыруу боюнча консультация берилди. Бул суроо Министрликтин жана Башкы консулдуктун туруктуу көзөмөлүндө», — деп билдиришти ТИМден.

Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун маалыматына ылайык, Түркияда 20 миңдей Кыргызстандын жараны эмгек миграциясында жүрөт. Жалпысынан чет өлкөдө иштеп жүргөн кыргыз жарандарынын саны 1 миллион 118 миң кишини түзгөн.