Тизме: Министр Бейшеналиев жабылат деген 17 медициналык окуу жай белгилүү болду

17-февралда Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «жабылат» деген айрым медициналык багыттагы окуу жайлардын тизмеси жарыяланды. Тизмени Бейшеналиевге таянып «Акипресс» басылмасы жарыялады.

Буга чейин министр окутуучулары жана клиникалык базасы талапка жооп бербеген медициналык багыттагы менчик жогорку окуу жай жана факультеттер жабылууга тийиш деп билдирген болчу.

Жабыла турган медициналык багыттагы менчик окуу жайлардын тизмеси:

  • АДАМ Университети (БФЭА);
  • Эл аралык «Ала-Тоо» университети;
  • «Саткынбай Тентишев атындагы Азия медициналык институту»;
  • Эл аралык медицина мектеби;
  • «Кыргызстан эл аралык универитети» УНПК;
  • «Салымбеков университети» мекемеси;
  • ВПО окуу жайы – «Авиценна» Эл аралык медициналык институту;
  • Эл аралык медициналык университети;
  • Эл аралык медициналык университети;
  • «Роэль Метрополитен Университет»;
  • ЖЧК «АВС» Академия;
  • Эл аралык илим жана медицина университети;
  • Илим жана бизнес эл аралык университети
  • «Бишкек эл аралык медициналык институту» мекемеси;
  • Илимий-изилдөө медициналык-социалдык институту;
  • Кыргыз медициналык стоматологиялык институту;
  • Ош Эл аралык медициналык университети.

Министр эмне деген?

Алымкадыр Бейшеналиев.

16-февралда Бейшеналиев «Азаттык» үналгысына курган маегинде ар бир окуу жайды өзү текшерип чыкканын белгилеп, алардын кожоюндарынын арасында «олигархтар», депутаттар жана мурдагы премьер-министрлер бар экенин билдирген.

«Азыр бул бизнеске айланып, колунан келгендердин баары эле институт-университет ачып алышты. Ал жердеакча көп. Бирок сапаты абдан начар болуп калды. Бизди 10-15 жылдан кийин ким дарылайт, ошону ойлонушубуз керек. Окубай эле “зачет” алып, эптеп-септеп бүткөн дарыгерлер кийин биздин генофондго абдан зыян келтирет», — деген Бейшеналиев.

Министр Кыргызстанда медициналык билим берүүчү үч мамлекеттик жогорку окуу жай бар экенин айткан – Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Ош мамлекеттик университети жана Кыргыз-Орус (Славян) университетинин медицина факультеттери.

Анын айтымында, мамлекеттик окуу жайдан тышкары медициналык билим берүү багытында иштеген 21 менчик окуу жайы бар. Министр жабыла турган окуу жайлардын студенттери сертификациядан өткөн окуу жайларда билим алуусун уланта алат деп белгилеген.

Билим берүү министрлиги эмне дейт?

Ал эми Билим берүү министрлигинин лицензия жана аккредитация башкармалыгынын башчысы Шербек Султанбеков «Клоопко» саламаттык сактоо министрлиги окуу жайларды жабууга укугу жок экенин билдирген.

Ошондой эле ал Бейшеналиев өлкөдөгү медициналык окуу жайлардын санын ката айтканын белгилеген — негизи өлкөдө 23 медициналык жогорку окуу жай болсо, анын алтоо мамлекетке караштуу.

Султанбеков билим берүүчү мекемелерге лицензияны Билим берүү министрлиги гана берерин жана окуу жайлар ишин токтоткондо жана соттун чечими менен гана билим берүүчү мекеменин лицензиясы жокко чыгарыларын айткан.

Ал Саламаттыкты сактоо министрлиги жеке медициналык окуу жайларды жабуу боюнча Билим берүү министрлигине кайрылбаганын белгилеген.

Тема боюнча:

Бейшеналиев 17 медициналык окуу жай жабыларын айтты. Бирок ССМдин андай укугу жок