Бишкек мэриясы Исманкуловдун клиникасы менен ижара келишимин бузду

Саламаттык сактоо министрлиги Алмазбек Исманкуловдун «Көздүн микрохирургиясы» жеке менчик клиникасы жайгашкан имаратты өзүнө кайтарып алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы маалымдады.

Министрликтин маалыматына ылайык, Бишкектеги №2 клиникалык көп тармактуу оорукананын имараты коронавирус менен ооруган бейтаптарды кабыл алуу үчүн даярдала баштады. Имаратка «кызыл зонанын» керебеттери көчүрүлөт. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Исманкуловдун клиникасынын аппараттары имараттан чыгарыла баштаганын билдирди.

Мекемеден Исманкуловдун клиникасы менен ижара келишимин калаа мэриясы бузганын кошучалашты. Мындан тышкары, мэрия Бишкектеги №2 төрөт үйүнүн имаратында жайгашкан көп тармактуу «КАМЭК» клиникасы менен да келишимди бузган.

Мурдараак, 2021-жылдын декабрында Бишкек шаардык кеңешинде Исманкуловдун клиникасы «ижара акысына арзыбаган акча» төлөп жатканы айтылган. Депутат Мийзамидин Калыков ижара акысы бир чарчы метрине болгону 150 сом экенин билдирген. Исманкуловдун клиникасы менен ижара келишимин бузуу маселеси мурда да көтөрүлгөн болчу.