Этникалык жаңжал иши. 20 жылга соттолгон экс-депутат Абдуллаевди актоо өтүнүчү айтылды

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Абдурахман Абдуллаевдин жактоочусу көзөмөл даттануусу менен Жогорку сотко кайрылды. Маалыматты «Клоопко» соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Экс-депутаттын жактоочусу соттук актыларды жокко чыгарып, Абдуллаевди актоону өтүндү.

Соттон жактоочу тараптын арызы 28-февралда караларын айтышты.

2011-жылы Абдурахман Абдуллаев 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында Кадыржан Батыров менен бирге 20 жылга соттолгон. Анда экс-депутаттын мүлкү да конфискацияланган.

Кадыржан Батыров Одессада дүйнө салды. Кыргызстандын бийлиги аны 2010-жылдагы башаламандыкты уюштурууга айыптаган

2010-жылдын июнь окуясынан кийин аларга «массалык баш аламандыктарга катышуу», «Сепаратисттик ишмердүүлүк» жана «Улуттук, расалык диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу» беренелери менен айып тагылган.

Абдуллаев 2005-жылы Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуу

2010-жылдын 10-июнунан тартып 14-июнга чейин Ош жана Жалал-Абад шаарларында этникалык өзбектер менен кыргыздардын ортосунда жаңжал чыккан — ал күндөрү Ош менен Жалал-Абаддын көчөлөрүндө коменданттык саат жана өзгөчө абал жарыяланган. Миңдеген имараттар өрттөлүп, аскер кызматкерлери менен милициянын курал-жарагы жана атайын техникасы басылып алынган.

Эл аралык комиссиясынын маалыматына караганда, каза болгондордун саны 470 адамга жеткен. Алардын ичинен 74%ы өзбектер, 25% кыргыздар, ал эми бир пайызды башка этникалык топтун өкүлдөрү түзгөн. Көз жумгандардын 67%га жакыны октон жаракат алган. Кыргызстандын өкмөтү комиссиянын тыянактарын «бейтарап жана бир жактуу» деп атаган.

Улуттар аралык жаңжалдын себептерин изилдеген Улуттук комиссиянын отчётунда коогалаңдын чыгышына ошол кездеги президент Аскар Акаев да, Курман Бакиев да «улуттук мамилелер жаатында алгылыктуу иш» жүргүзбөй койгону бирден бир себеп болгон деп билдирген. Комиссиянын версиясы боюнча, өзбек диаспорасынын жолбашчылары «бул багытта атайын иш-чараларды жүргүзүп, өлкөнүн түштүгүндө митингдерге көп санда адамдарды чогултушкан».

2010-жылдагы июнь окуясынан кийин көптөгөн чиновниктерге, анын ичинде өзбек коомунун лидерлерине айыптар тагылган.

Дагы окуңуз: УКМК 2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуу боюнча тергөөнү кайрадан баштады

2021-жылдын 15-апрелинде УКМК президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 2010-жылы июнь айында өлкөнүн түштүгүндө болгон улуттар аралык кагылышуулар боюнча тергөөнү жанданткан. Мамкомитеттен башаламандыктардын келип чыгышынын себептерин текшерип, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн жана облустук деңгээлдеги жооптуу адамдардын аракетине баа беришерин белгилешкен.