Сокулук: Айдоочу эки окуучу кызды коюп, окуя болгон жерден качып кетти

18-февралда Сокулуктун борборунда Toyota Land Cruiser’дин айдоочусу эки окуучу кызды коюп, окуя болгон жерден качып кеткен. Маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Ведомствонун маалыматына ылайык, кырсык саат 19:20лар чамасында болгон. Жабыркагандар болжолду 14-15 жаштагы кыздар, алар аймактык ооруканага жаткырылды.

Бул окуя тууралуу блогер Болот Ибрагим телеграм-каналына жазган. Анын маалыматы боюнча, кыздар жолтандабас сүзгөндө ыргып барып кичи автобустун алдында кулашкан.

«Бир нече убакыттан кийин Сокулук РИИБнин жол кайгуул кызматкерлери айдоочуну кармап, кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн тергөө тобуна өткөрүп беришти. Унаа убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Мындан бир күн мурда эле маршруттук таксинин айдоочусу жолдон өтүп бара жаткан 11 жаштагы кызды коюп кеткен. Окуучу № 3 шаардык ооруканага жеткирилген.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2021-жылдын башынан октябрь айына чейин катталган жол кырсыктарынан 587 киши каза тапкан. Жалпы 5 437 жол кырсыгы катталып, 8 298 киши жаракат алган. Былтыркы жылга салыштырмалуу кырсыктар 29,2%га өскөн. Ал эми андан жаракат алгандардын саны 31%га, каза тапкандар 15,3%га көбөйгөн.

ТЕМА БОЮНЧА: Видео: Бишкекете маршрутканын айдоочусу 11 жаштагы окуучу кызды коюп кетти