Кадамжай: Өзбекстанга 28 телевизор мыйзамсыз алып өтүүгө аракеттенген киши кармалды

Сүрөт: УКМКнын Чек ара кызматы

Баткен облусунун Кадамжай районунда Өзбекстанга 28 сыналгы мыйзамсыз алып өтүүгө аракеттенген тургун кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан 21-февралда билдиришти.

Маалыматка ылайык, Айдаркен чек ара отряды райондун Канды аймагындагы нөөмөт учурунда «Хундай-Портер» үлгүсүндөгү автоунааны текшерген. Андан Smart үлгүсүндөгү 28 контрабандалык телевизор табылган.

Аткез жүктүн жана автоунаанын ээси тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, аткез жүктүн баасы 300 миң сомго чамалайт.

2021-жылдын 23-24-декабында Баткендин Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасы аркылуу аткезчилик жол менен жүк алып өтүүгө аракеттенген айдоочулар кармалышкан. Алар Тажикстанга спорттук кийимдерди, мөмө-жемиштерди жана жез алып өтүүнү көздөшкөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Жез, кимоно, мөмө-жемиштер». Лейлекте Тажикстанга аткез жүк ташыган айдоочулар кармалды

Баткен: Аткезчилик жүк ташыган унаалардын айдоочулары кармалды