Баткен: Аткезчилик жүк ташыган унаалардын айдоочулары кармалды

УКМКнын чек ара кызматы Баткен облусунун Лейлек районунда 4000 кг жүзүмдү аткезчилик жолу менен алып чыгып бараткан эки унаанын айдоочусун кармады. Бул тууралуу чек ара кызматынан 23-сентябрда билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда айдоочуларда тийиштүү документтер болгон эмес. Алар аткезчилик жүгүн Тажикстандан Кыргызстанга алып өтүүгө аракет кылышкан.

Мындан сырткары, кыргыз-өзбек чек арасында Кадамжай районунун Жаңы-Жер аймагынан Hyundai-Porter үлгүсүндөгү унаанын 27 жаштагы айдоочусу кармалды.

Ал Өзбекстандан Кыргызстанга идиш-аяк товарын мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган. Айдоочуда тийиштүү документтер болгон эмес.

Аталган аракеттер боюнча чек ара кызматы материалдарды чогултуп, унааларды, айдоочуларды жана аткезчилик жүгүн тийиштүү органга өткөрүп беришти.

Мындан сырткары, үстүбүздөгү жылдын 13-июлунда Баткен районунда элдик кошуун тарабынан 4 тонна өлчөмүндөгү жүзүм алып келе жаткан эки унаа кармалган. Унаанын айдоочусу жүзүм өзүнүкү экенин айтканы менен активисттер ишенишкен эмес. Аткезчилик жүгү милицияга өткөрүлүп берилген.