«Жез, кимоно, мөмө-жемиштер». Лейлекте Тажикстанга аткез жүк ташыган айдоочулар кармалды

УКМКнын Чек ара кызматы 23-24-күндөрү Баткендин Лейлек районунда чек ара аркылуу аткезчилик жол менен жүк алып өтүүгө аракет кылган бир нече айдоочулардын ишине бөгөт койду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, чек арачылар алгач 23-декабрда Интернационал айылында жеңил унаа менен коңшу өлкөгө өтүүнү көздөгөн 27 жаштагы айдоочуну кармаган. Унаадан тиешелүү документтери жок жез табылган.

Ал эми экинчу учур 24-декабрга караган түнү катталды, анда чек арачылар ошол эле айылдан Honda CR-V үлгүсүндөгү унааны токтоткон. Унаада 31 жаштагы эки кыргызстандык болгон.

«Кыргызстандыктар Тажикстанга 6 кап спорттук кийимдерди — кимонолорду мыйзамсыз алып кирүүгө аракеттенишкен. Алардын дагы тиешелүү документтери болгон эмес», — деп билдиришти мекемеден.

24-декабрь эртең менен кыргыз аскерлери Toyota-Harrier үлгүсүндөгү унаанын 36 жаштагы айдоочусун кармаган. Ал Тажикстанга 18 жашик мандарин жана 24 жашик жүзүм алып кирүүнү көздөгөн.

Чек ара кызматынын жоокерлери айдоочуларга карата протоколдорду түзүп, жүктөр териштирүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилгени кабарланды.

21-майдан тартып Кыргызстан Тажикстандын жарандарына кыргыз-тажик чек арасы аркылуу кирип-чыгууга, чек ара аркылуу өтүүгө, өлкөдө турууга жана транзиттик жүрүүгө убактылуу чектөө киргизген. Ошондогу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов мындай чечим чек арадагы көйгөйлүү маселелер чечилгенге чейин кабыл алынганын маадымдаган.

Чек ара жабылган соң жергиликтүүлөр элдик кошуундарды түзүп, эки өлкөнүн ортосунда аткез жүк ташыгандарды кармоону колго алышкан. Андан бери аткез жүк ташууга аракет жасаган ондогон айдоочу кармалды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Лейлек: Тажикстандан кездеме жана курма алып өтүүгө аракет кылган эки айдоочу кармалды