Жалал-Абад: Көчкү алдында калган төрт киши бир жумадан бери табылбай жатат

Издөө иштери. Сүрөт: ӨКМ

Жалал-Абад облусунда кар көчкүнүн алдында калган төрт киши — үч кытай, бир кыргыз жараны — бир жумадан бери табылбай жатат. Аларды 53 куткаруучу менен кошо көчкү басып калган кыргызстандыктын жакындары жана айылдаштары издеп жатат.

ӨКМдин маалыматына ылайык, издөө иштерин өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов көзөмөлгө алган. Мындан сырткары «Чайна Роуд» ишканасынан беш жүктөгүч, бир экскаватор жана бир бульдозер атайын техника тартылган.

Анткен менен кар астында калган 24 жаштагы сузактык Адилеттин жакындары ӨКМге жана бийликке нааразы болушууда. Алардын бири Арстанбек Раимжанов 5-6 күндөн бери жардам болбой жатканын айтат.

«Айла жок, минтип издебесек бизге бирөө келип издеп бербейт да. 5-6 күн болуп калды, бирөөдөн бир жардам жок. Болбосо 50-60 аскерди алып келип, бул жерди каздырып таап берип койсо болмок», — деп нааразы болду ал.

Ал эми дагы бир тууганы Казыбек Калдыбаев ӨКМ техникалары менен кырсык болгон жерге чейин жол ачып берүүсүн талап кылды.

«Биздин инибиздин сөөгү талаада калбаш керек. Биз билебиз ӨКМге бюджеттен чоң акчалар бөлүнөт. Кана ошол акчалар?! Мен көрүп жатам техникалары иштеп жатат. Бирок андай эмес да. Бардык нерсеге даяр болуш керек», — деди Калдыбаев.

Туугандарынын айтымында, Адилеттин «Чайна Роуд энд Бридж» компаниясында иштеп жатканына 5 айдай болгон. Кырсык болгон күнү аны түшкөн кар көчкүнү тазалоо үчүн чыгарышкан, бирок иштеп жатканда кайрадан көчкү түшүп аны басып калган.

Маалыматка ылайык, издеп жаткандар өздөрү да 100% кооптуу делген аймакта иштеп жатышат. Алар «өз өмүрүнө өздөрү жооптуу экенин» тастыктап кол коюп беришкен.

Төрт кишини басып калган кар көчкү

14-февралда Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунда эки жолу кар көчүп, төрт киши дайынсыз жоголгон. Дагы үч киши түрдүү жаракаттарды алып ооруканага түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алгач Көк-Арт ашуусундагы тоннелдин түндүк тарабында болжол менен саат 12:30 чамасында кар көчкөнүн билдирген.

Анын кесепетинен «Чайна Роуд энд Бридж» компаниясынын үч кызматкери — экөө кытай, бирөө кыргыз жараны — жана кар тазалоочу техникалар кар астында калган.

Алар тоннелден Казарманды карай кеткен жолдо тазалоо иштерин жүргүзүп жатышканда кырсыкка кабылышкан. Ошондой эле кардын алдында «НИВА» үлгүсүндөгү унаа, экскаватор жана жүктөөчү техника калган.

Ошол эле күнү саат 17:30 чамасында тоннелдин түштүк тарабында экинчи жолу кар көчүп, пикап унаасын жана вагонду сайга сүрүп кеткен. Натыйжада үч адам жабыркап, бир киши дайынсыз болууда.

Жалал-Абад: Кар көчкүнүн астында калган 4 кишини издөө иштери уланууда