Каржы пирамида чыры: Жогорку соттун судьясынын кызы үй камагына чыгарылды

Иллюстративдик сүрөт

Бишкек шаардык соту 18-февралда Жогорку соттун судьясы Айнаш Токбаеванын кызы Айзирек Жусупованын баш коргоо чарасын өзгөрттү. Жусупова 26-мартка чейин үй камагына чыгарылды.

Судьянын кызы «“Голдэн Кэш” ювелирдик компания» каржы пирамидасына карата козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилген болчу.

Ал эми прокурор Жусупованын баш коргоо чарасын өзгөртүүгө каршылык билдирген. Шаардык соттон Жусупова ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылганын айтышты.

Аталган иш боюнча кармалган «“Голдэн Кэш” ювелирдик компаниянын» юристи Ная Ибраева тергөө абагында калтырылды.

Каржы пирамидасы жана Зулушевдин эжеси

Айнаш Токбаева / Курманкул Зулушев

2021-жылдын 13-декабрында Башкы прокуратура «Каржы пирамидаларын уюштуруу» беренеси менен кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Анда украиналык жаран негиздеген «"Голден Кэш" ювелирдик компания» жана «К.Дж.К.» ишканалары 5 миңден ашуун жаранды алдап, аларга 3 млн долларлык зыян келтиргени айтылган.

«Алар маркетинг иш-чараларын бурмалоо жолу менен жүргүзүшүп, жарандар тарабынан салынган акча каражаттар жыл сайын 260%га чейин жогорку үстөк менен кайтарылып берилери тууралуу жалган убадаларды беришип, жарандарды алдоо жолу менен алардын акча каражаттарын чогултушкан», — деп билдиришкен көзөмөл органдан.

Кылмыш иштин алкагында компаниянын юристи Ная Ибраева жана кассири Айзирек Жусупова кармалышкан. Ал эми каржы пирамиданы уюштурган Украинанын жарандары Василий Жила, Евгений Трофимчук, Максим Сидоренко, «В.К.», «О.С.», жана кыргызстандык «А.Ч.» өлкөдөн чыгып кетүүгө үлгүргөн.

Башкы прокуратура шектүүлөргө издөө жарыялап, алар сырттан камакка алынышкан. Алардын бири Өзбекстанда кармалып, камакка алынган.

Айзирек Жусупованын жактоочусу Чынара Жакупбекова башкы прокурор Курманкул Зулушевдин эжеси Гүлмира Зулушева төлөмдөрдөн сырткары «каржы пирамиданын лидерлеринин бири болгонун» айткан. Ошондой эле адвокат Жусупова «техникалык кызматкер» болгонун жана акчаларга тиешеси жок болгонун белгилеген.

Ал эми Зулушев анын эжеси каржы пирамидасынан 30 миң доллар зыян тартканын билдирген. Башкы прокурордун айтымында, Гүлмира Зулушева акчаны өндүрүп алууга көзү жетпей арыз жазуудан баш тарткан.

Бул ишке Жогорку сот да реакция кылып, Конституцияда «күнөөсүздүк презумпциясы» принциби камтылганын эске салышкан. Мекемеден Жогорку соттун судьясы Айнаш Токбаеванын кызынын күнөөсү соттук өкүм менен аныктала электигин белгилешкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Каржы пирамидасын түзүүгө шектелгендердин арасында Жогорку соттун судьясынын кызы бар

Курманкул Зулушев эжеси каржы пирамидадан 30 миң доллар зыян тартканын билдирди